АДАМДАРДЫН МҮНӨЗҮ ТУУРАЛУУ

Көпчүлүк энелер “баланы төрөйт экенсиң, бирок, кыялын кошо төрөбөйсүң” деген сөздөрдү кези келгенде көп эле айтып калышат. Адамдын мүнөзү ата-эненин берген тарбия-сынан, өзүн курчаган чөйрөнүн таасиринен калыптанат жана тукум-дан да берилет. “Ар кимде бар ар кыял, ал кыялды ким тыяр?!” демекчи, ар бир адамдын эч кимдикине окшобогон кыялы айрым учурда жанындагыларга жакшы маанай тартуу-ласа, айрым учурда терс таасирин тийгизет.
Элибиз илгертен адамдагы сапаттарды оң жана терс деп экиге бөлөт. Адамдын жүрүм-туруму жана ошол оң жана терс сапаттар кишинин ыйман-наркын, адеп- беделин сыпаттап турат. Бул боюнча этнограф Эсенбек Кубатбеков төмөндөгүлөргө токтолот:

Оң сапаттагы Адамдар
БЕРЕШЕН
– Берешен мүнөзгө ээ адамдар колунда барын жетим-жесирлерге, муктаж болгондорго таратып берет. Ал бул мүнөзү менен тегерек-четке алынып кетет. Кыргыз элинде илгертен бир урууда же бир айылда эл баккан берешен адамдар дайыма чыгып турган.
БҮЙРӨ
– Бүйрөлүк – адамдагы жакшы сапаттардын бири. Бүйрө адамдар – өз жашоо-тиричилигине тың, алыш-катыштын ордун билгендер. Мындай адамдар “чыгаша болмоюнча киреше кирбейт” дешкени менен чыгашанын чыгышына жол бербегенге аракет кылышат. Тууган-туушкан, дос-тааныштарына да каралашканды унутушпайт.
СЫЛЫК– Сылык мүнөз адамдардын ар биринде эле боло бербейт. Бул мүнөз адамдар менен баарлашууга келгенде эле байкалат. Сылык адамдар айланасындагы улуу-кичүүлөргө, кызматтагылар менен карапайым адамдарга сылыктык менен бирдей кайрылып, дайыма салам берүүнү унутушпайт. Ошондуктан, кыргыз элинде “сен деген – сенек сөз, сиз деген – сылык сөз” деген макал бар. Сылык адам жүрүш-турушу менен башкаларга үлгү боло алат.
ДААНЫШМАН
– Даанышман дегенге татыктуулар – төрт тарабы тең төп келген адамдар. Андайлар акыл жагынан да, сырткы келбет жагынан да алдыда болот. Баскан-турганы, сүйлөгөн сөзү менен башкаларга үлгү боло алчу адам.
Адамда жогоруда айтылган жакшы сапаттардан сырткары да элпек, чыйрак, сабырдуу, боорукер сыяктуу бир нече мүнөздөр бар. Адамдын өзүнө-өзү сынчы болуусу дагы өзүн жакшы алып жүрүшүнө өбөлгө болот. Жакшы сапаттардын ээси кайсы жерде болбосун урмат-сыйга ээ. Андыктан, ар бир жаш адам жаманаттыга конбоско аракеттенип, өзүнө оң сапаттарды сиңириши кажет.

терс сапаттагы адамдар
КЫЯНАТЧЫЛ
– Кыянаттык адам турмушуна көп зыян алып келээрин баарыбыз эле билсек керек. Кыянатчылдар өз орду, жолу менен бараткан ишти токтотуп коюулары мүмкүн. Адамдар ортосундагы мамилелерди ичтен иритип, жаман бурулуш жасап жиберүүгө шыктуу келишет. Мындай адамдар ичи тар, эч кимге жакшылыгы жок, карамүртөз болушат.
СЫНЧЫ
– Сынчы адамдар, негизинен, экиге бөлүнөт. Бири кара кылды как жарган, ар бир нерсени туура чечип, калыс баасын берген адамдар болсо, экинчиси – өзүнүн башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көргөн адамдар. Мындай кыйынсынма адаты бар сынчыларды “сынчынын сыңар өтүгү майрык” деп коюшат.
КАЛПЫЧЫ
– Адамдардагы калпычылык сапат чөйрө-дөгү адамдарга терс таасирин тийгизип келет. Мындай адамдар: “Аткарам. Ошол элеби? Аны жасоо оңой эле да. Ал ишти мага койгула”,- деген сөздөрү менен жанындагылардын ишенимине тез эле кирип кетишет. Анан эле иш аткарылуучу убакытка келгенде четке чыга беришет. Мындайлардын тегерегинде жүргөндөр кээде анын ушундай сапаты бар экенин билип туруп алданып калышат.
ЖЫЛКЫ МҮНӨЗ
– Жылкы мүнөздүү адамдар сыртынан караганда жумшак адамдардай көрүнүшөт. Бирок, башкалар менен катташа келгенде айткан сөзүнө турбагандыгы билинет. Мындайлар өздөрүнүн келбетин, кийген кийимдерин тыкан алып жүрүшөт. Алардын дал ушундай сырткы көрүнүшүн көргөндөр ички туюмун билбей алданып да калышат. Жылкы мүнөз адамдардан кабары барлар “буга ишенип алып, ишим оңунан чыкпай калбаса экен” деп коомайланып турушат.
Жогоруда жазылган адамдагы бир нече терс сапаттардан башка дагы кежир, какшыкчыл, кырс, орой, куйту, сараң, кеп жебес, көрө албас, жалакай, копол, ачкөздүк, куу, көржеме өңдүү сапаттар бар. Илгери мындай жаман сапаттары барларды эл ичинен чыккан калыс аксакалдар ортого салып, оңолушун талап кылышкан. Жүрүш-турушун оңдой албагандар эл чогулган той-аштарда сөзгө сөлтүк, кепке кемтик болушкан. Андыктан, алар ыйманга келүү зарыл экендигин сезип, оңолуу жолуна түшүшкөн. Негизи, ыймандуу адам адамдык парасатынан, адеп-беделинен, өзүндөгү сапаттардан көз каранды экендигин сезип, бала-чакасын да жакшы тарбиялайт. Андыктан, окурман, элибиз илгертен аздектеп келген адептик сапаттарыбызды сактоо кажет экенинин унутпашыбыз зарыл.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 296, 4-10-июль, 2008-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан