Өмүрбек Текебаев: «БИЗ МЕНЕН ЭСЕПТЕШПЕЙ КОЮУ МҮМКҮН ЭМЕС»

Өмүрбек Текебаевдин айтымында, «Ата Мекен» партиясы жакында негизги мааниге ээ болуп калышы ыктымал. “Шайлоодон кийин “Ата Мекен” фракциясы парламентте эң алсыз боло тургандай сезилген. Бирок партиялар эки жакка бөлүнгөнү менен, анын бирөөсүнө да “Ата Мекен” азырынча кошула элек. Эки жактын салмагы бирдей чыкканда, “Ата Мекен” менен эсептешпей коюу мүмкүн эмес экендиги айкын болду”,- дейт Өмүрбек мырза.
Өмүрбек Текебаев КСДПны идеологиялык шериктеш деп эсептешерин айтат. “Бирок КСДПнын лидерлери Убактылуу өкмөттү башкарып калышты. Тилекке каршы, айрым аймактарда УӨнүн кадыр-баркы түшүп кетти”,- деп улантат ал. "Ата Мекен" эгерде КСДП жана “Республикага” кошула турган болсо, анда чоң жоопкерчиликти да тең бөлүшүүгө туура келет.
Текебаевдин айтымында шайлоодо жеңилүүгө дуушар болгон партияларга маани бербей коюу туура эмес. “Алардын оюн жана багытын эске албоо мүмкүн эмес”,- дейт «Ата Мекендин» лидери 24.kg агенттигине берген маегинде.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
UvE
2010-11-18 23:46:12
Ушул Текебаев бесить меня!!!
0
№ 419, 12-18-ноябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан