«НЕФТИЧИДЕН» КИЙИН «ЗЕНИТ» ЧЕМПИОН

Кыргызстанда футбол боюнча Жогорку Лиганын жаңы чемпиону “Нефтичи” болгону баарыбызга маалым. Бул көрүнүштү улай Орусия Премьер-Лигасында да жаңы чемпион жаралды. Чемпиондуктун аякташына 2 тур калганда “Зенит” командасы мөөнөтүнөн мурда чемпиондукка жетише алды.
Оюн аяктагандан кийин “Зениттин” фанаттары милиция тосмосун бузуп өтүшүп, футболчуларды асманга көкөлөтүп ыргыта башташкан. Аны менен токтолуп калышпай, оюн талаасындагы дарбаза менен анын торун үйлөрүнө сувенир кылып бөлүп көтөрө кетишкен.
2-орун үчүн москвалык ЦСКА менен Татарстандын “Рубин” командалары ат салышмакчы.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 420, 19-25-ноябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан