ОРУСИЯ – ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУ

Волейбол боюнча Орусиянын кыздар курама командасы бул ирет да дүйнө чемпиону наамын коргоп кала алышты. Японияда болуп өткөн Дүйнө биринчилигинде финалдык оюн Орусия менен Бразилия командаларынын ортосунда өттү. Айыгышкан 5 партиялык беттеште орустун кыздары 3:2 эсебинде жеңишке жетишишти. Ошентип, 2006-жылы жеткен ийгилигин дагы бир ирет кайталашты. Баса, анда да финалда Бразилия командасын багындырышкан эле.
3-орунду мелдештин кожоюндары – япондуктар алып кетишти. Алар 3-орунга болгон таймашта АКШнын командасын 3:2 эсебинде жеңишти.
Мелдештин эң баалуу оюнчусу болуп орусиялык Екатерина Гамова табылды. Спортчу мелдеш жүрүшүндө өз командасына 200дөн ашык упай алып келген.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 420, 19-25-ноябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан