102 билдирет
ТИРҮҮЛӨЙ КҮЙҮП КЕТТИ
14-ноябрь күнү түндө Ош облусунун Өзгөн районунун Ийри-Суу айылында машина өрттөнүп, айдоочусу тирүүлөй күйүп кеткен. Тактап айтканда, 1972-жылы туулган К.Тажикулов өз үйүнүн алдында бурулуп жатып, даракты сүзүп алган. Жыйынтыгында машинасынан өрт чыгып, өзү кошо өрттөнүп кеткен.
20 КИЛОГРАММ МАРИХУАНА МЕНЕН КАРМАЛДЫ
12-ноябрда Токтогул районундагы Бала-Чычкан айылынын 1970-жылы туулган тургуну К.Жнын үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн. Натыйжада үйүнөн 20 килограмм марихуана табылган. Бул иш боюнча тергөө жүрүп жатат.
ӨЗ ЫМЫРКАЙЫН ӨЛТҮРДҮ ДЕП...
Орусиянын Новосибирск шаарында 20 жаштагы Кыргызстандын жаранына “өз ымыркайын өлтүрдү” деген күнөө коюлуп жатат. Тергөөнүн маалыматына караганда, жаш эне 2010-жылдын 9-сентябрында өзү бала багуучу болуп иштеп жүргөн үйдө көз жарган. Ошол эле жерден ымыркайын полиэтилен баштыгына салып терезеден ыргытып жиберген. Экспертизанын жыйынтыгында баланын дени сак төрөлгөнү аныкталган.
“КҮКҮК ЭНЕ” АБАКТА
12-ноябрь күнү эртең менен Бишкек шаарынын Айтматов көчөсүнөн ымыркайдын денеси табылган. Бул наадандык иш боюнча кылмыш иши ачылып, таш боор эне табылды. Учурда ал тергөөдө.
ОРУСИЯДАГЫ МЕКЕНДЕШИБИЗ 2 ЖЫЛГА КАМАЛДЫ
Санкт-Петербург шаарынын Василеостров райондук соту Кыргызстандын жаранын 2 жылга эркинен ажыратты. Буга “өзбектерди союш керек!” деген кыйкырык менен Өзбекстан мамлекетинин жаранынын чекесин бөтөлкө менен жарып салганы себеп болгон.
КАН УЗАТПАЙТ
14-ноябрда саат 19:10до Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө автокырсык катталган. Тойота-Прадо автоунаасынын айдоочусу 20-25 жаштагы азиат улутундагы эркек адамды сүзүп кеткен. Түшө калып жардам бергендин ордуна айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучу ооруканада көз жумган.
Милиция кызматкерлери тарабынан тез арада кылмышка шектүү катары 1977-жылы туулган Ош шаарынын жашоочусу К.Т. кармалган. Тергөө иши жүрүп жатат.
ТОНООЧУ КОЛГО ТҮШТҮ
13-ноябрь күнү Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушунун 17 жаштагы жашоочусу К.С. колго түшүрүлдү. Себеби ал 12-ноябрда кечки саат жетилерде Киев көчөсүнөн 16 жаштагы Ж.Снын уюлдук телефону менен спорттук күрмөсүн тартып алган. Бул боюнча тергөө иши жүрүп жатат.
101 билдирет
КҮРКӨ ӨРТТӨНДҮ
14-ноябрда саат 05:30да Бишкек шаарындагы гезит-журнал саткан күркөдөн өрт чыккан. Токтогул көчөсү менен Жаш Гвардия гүлбагынын кесилишинде жайгашкан бул күркөнүн ичиндеги гезит-журналдардын баары өрттөнүп кеткен. Өрт өчүрүүчүлөр өрттү 2 саатта өчүрүп бүтүшкөн.
ӨЗ ҮЙҮНДӨ ӨРТТӨНҮП КЕТТИ
Ош шаарынын Туран кичирайонунун Манас көчөсүндөгү К.Махамаджанованын үйүнөн өрт чыккан. Анын кесепетинен 108 чарчы метрди ээлеген үй ичиндеги буюмдары менен күйүп кеткен. Үйдүн ичинен 1968-жылы туулган Махамаджанов Адахандын денеси табылган.
КӨМҮРГӨ КОШО БАСТЫРМА ӨРТТӨНҮП...
17-ноябрь күнү түндөсү Кара-Буура районунун Ак-Жар айылындагы Калыбаев атындагы мектептин короосунан өрт чыккан. Жыйынтыгында көмүр сакталуучу бастырма көмүрү менен күйүп кеткен. Өрткө көмүрдүн өзүнөн-өзү тутанып кетүүсү себеп болгон.