"Кыргызфильм" тарабынан 20-21-ноябрда кыска жана толук метраждуу фильмдердин сынагы өткөрүлмөкчү. Жаш режиссёр Сайфудин Мурзаев ошол сынакка “Үмүт” тасмасын тартып бүттү. Башкы ролду Дайыр Исмадияровго сунуштаганда, өзүнө ишене албаган ырчы эпизоддо эле ойноону туура көрүп, башкы каармандын досунун образын жаратты.
Дайырдын кино тармагындагы жаңылыгы бул гана эмес. “Кара көзүм” ыры актёр жана режиссёр Азамат Арыковдун “Идеалдуу кыз” кыска метраждуу тасмасына саундтрек катары берилди. Режиссёрго ыр абдан жаккандыктан, аталган ырдын ремикс вариантына тасмадан кадр алып клип тартып бермей болду.