Орусияда окуп жаткан Зари тааныштары менен бирге кыргыз мигранттарынын жашоосун чагылдырган кино тартмай болду. Учурда мигранттардын жашоосу туурасында түрдүү ойлор айтылып келет. “Чындыгында, мына ушундай” деген идея менен болгонун болгондой чагылдырууну каалаган жаштар азыр тасманын сценарийинин үстүндө иштеп жатышат. Бул фильмди профессионал режиссёр тартпайт, актёр ойнобойт. Чыгармачылыкка жакын, кино жаатын түшүнгөн, бирок атайын билими жок таланттар тартышмакчы.