13-14-ноябрь күндөрү Спорт Ордосунда "Тамашоунун" 17 командасы чейрек финалга өтүү үчүн ат салышты. Упайларды санай келгенде 17 команданын ичинен 14,7 упай менен “Ак-Өргө city” алдыга озуп чыкты. Эсиңизде болсо, аталган команда "Тамашоунун" Күзгү фестивалында бир да наамга илинбей калсак, жарым чейрек финалга таз баш болуп чыгабыз" деп сөз берген болчу. Жыйынтыгында илинбей калып, 14-ноябрда өткөн оюнда жигиттер чачтарын кырдырып келишкенине көрүүчүлөр күбө болушту. "Тамашоучулар" муну алдын ала пландап, эки чачтарач алып келишкен. Оюндун башында кадимки чачтары менен, андан соң таз болуп чыгышты. Ошентип, “Ак-Өргө city” командасынын эркектери айтышты, айткандарын аткарышты.