Ынак Омоналиевдин “Мумиё дарың жок беле?” деген ыры үстүбүздөгү жылы жакшы эле хит болду окшойт. Аталган ыр “Супердин” быйылкы жылдагы тандоосунда да “Жылдын мыкты ыры” наамына талапкер катары көрсөтүлгөн. Элге алымдуу ырларды жаратып, маданиятка кошуп келе жаткан салымы үчүн Ынак Омоналиев "Маданияттын мыкты кызматкери" деген төш белги менен сыйланды. Эмне демекчибиз, ушул таскагыңдан жазбай, элиң үчүн кызмат кыла бер. Төш белгиң көптөгөн ийгиликтерди алып келсин!