Жакынкы күндөрдөн бери Коомдук телеканалда бөбөктөр үчүн “Китеп дүйнөсүнө саякат” аттуу анимациялык көрсөтүү берилип келет. Көрсөтүүдө Чыпалак бала, аары, Сулууке аттуу курт жана Чилистен деген чегиртке балдарга ар түрдүү кызыктарды айтып беришет. Чыпалак бала менен аарынын үнүн ким коштойт дебейсизби? Алар сиз ойлогон актёрлор эмес. Чыпалак баланы ырчы Асел Турдалиева, аарыны куудул Назира Жетигенова сүйлөтөт.
Аарынын үнүн коштоп калганы туурасында: “Кастингге барып эле өтүп кеттим. Мультфильмди көрбөй туруп сценарий менен сүйлөө кыйын экен”,- дейт Назира Жетигенова.