“АКШУМКАР” ПАРТИЯСЫНЫН ТӨРАГАСЫ ТЕМИР САРИЕВ МЕНЕН БЛИЦ-МАЕК

“КҮЗГӨ КАРАТА КУБАТТУУ САЯСЫЙ КҮЧ ЧОГУЛТУП ЖАТАБЫЗ”

– «Темир Сариев менен Адахан Мадумаров биригет» деген кептин чындыгы канчалык?
– Бул маалыматтын азырынча чындыгы жок. Мен Адахан Мадумаров менен жолугуп сүйлөшө элекмин. Бирок, азыркы оппозициядагы, оппозициячыл маанайда жүргөн саясатчылардын баарын бириктирүүнүн жолдорун издеп жатабыз. Оппозициядагылар биригип бир күч болуп чыкмайынча азыркы жүрүп жаткан саясатты өзгөртүү мүмкүн эмес. Мамлекеттин кызыкчылыгы, келечеги үчүн Мадумаров менен биригишибиз мүмкүн. Бирок, өзүм азырынча ал киши менен жолугуша элекмин.
– Учурунда оппозициянын күчтүү лидери болуп жүрүп мамлекеттик чоң чиновникке айланган соң сүйлөгөн сөзү, ой-пикири 180 градуска өзгөргөн Мадумаров менен союз түзүп эл алдындагы аброюңузга көлөкө түшүрүп алуудан чочулабайсызбы?
– Бүгүнкү бийликтин жүргүзүп жаткан саясатына макул болбогон саясатчылар өтө көп. Алардан арасынан жалгыз эле Мадумаровду бөлүп кароо туура эмес болуп калат. Ошондуктан, бул маселени кененирээк карашыбыз керек. Мадумаров 2005-жылдын март айынан кийин өзүнүн саясый тагдырын өзү тандап алган. Мындан аркы иш-аракетин деле өзү чечет. Бийлик жүргүзүп жаткан саясаттын кемчиликтерин көрүп, аны коомчулукка айтып чыкса, бизге кандай көлөкө түшүшү мүмкүн?
– Дегеле, оппозициядан бийлик тарапка, анан кокусунан кызматтан кол жууп калса, кайра оппозицияга өтө качкандарга мамилеңиз кандай?
– Бул эми саясый оюндарга байланыштуу да. Бирок, кээбир саясатчылар өз кызыкчылыктарын эле ойлошот.
– Кубатбек Байболов жубайы экөө “саясаттан кеттик” деп расмий жарыя жасап, бирок, мындай чечимдин себебин түшүндүрүштөн баш тартышкан. Анын себебин бийлик тарабынан Байболовдун бизнесине кысым жасалганына байланыштырып жүрүшөт. Сиз буга кандай пикирдесиз?
– Негизи, Байболов – күчтүү саясатчы. Аны “саясаттан биротоло кетти” деп айтуу туура эмес. Ал убактылуу эле саясаттан четтеп кетти. “Саясаттан кеттик” деген расмий жарыясынын себебин айтпаганынын да өзүнчө бир сыры болсо керек.
– Байболов саясаттан кеткен соң “Акшумкарга” төрагалык толугу менен сизге өттүбү?
– 2008-жылдын 21-июнунда партиянын съезди болду. Съездин жүрүшүндө коомдук саясый оор маселелер талкууга алынды. Партиянын уставына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди. Эми партиянын иштерин кайрадан жандандырууга чындап кириштик. Азыркы убакта төрагалык милдетти аткарып жатам. Кеп төрагалыкта эмес. Азыр мамлекеттин саясатын оңдомоюнча өлкөдө эч кандай жылыш болбойт. Мына биз партиянын ишин алдыга жылдыруу менен бирге мамлекет үчүн кызмат кылууга жаңы күч менен киришкени турабыз.
– Маегиңизге чоң рахмат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 297, 11-17-июль, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан