Апта ичинде... САУД АРАБИЯДА КЫРГЫЗСТАНДЫК ЭКИ АДАМ КАЗА БОЛДУ
Түштүк аймагындагы ишкерлер июнь окуясында 1,5 миллиард сом зыян тартышканын билдиришти.
Бишкек шаарында апрель окуясында ишкерлердин тарткан зыяны 600 миллион сомго бааланган.
Москва шаарында белгилүү кинорежиссёр Төлөмүш Океевдин 75 жылдыгына арналган чыгармачылык кече болуп өттү.
Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде 32 өлкөдөн келген 25 миң чет жердик студент окуйт.
Европалык Биримдик Ош жана Жалал-Абад облустарын колдоо үчүн 2 миллион евро бөлмөкчү.
Келерки жылдын январь айынан баштап күйүүчү майдын баасы арзандашы ыктымал. Анткени Орусия кайрадан нефти продуктуларына салынган ташуу салыгын алып салат дейт.
Кыргызстанга АКШнын Борбордук башкармасынын командири келип, президент Роза Отунбаева менен жолукту.
Ажылык парзын аткаруу учурунда Сауд Арабияда аптаптын айынан мекендештерибиз 1944-жылкы Ф.Мишанов менен 1954-жылкы М.Ибрагимов көз жумду.
Балдар үчүн 9 жаңы китеп жарыкка чыгып, бекер таратылат.
Санкт-Петербург шаарында өтүүчү КМШ өлкө башчылар жыйынына катышуу үчүн президент Роза Отунбаева өзүнүн делегациясы менен учуп кетти.
Токтогул суу сактагычында суу азаюуда. Акыркы маалыматтар боюнча, суунун көлөмү12 миллион метр/кубга төмөндөп, жалпы көлөмү 19 миллиард 29 миллион метр/кубду түзүп калды.
Муктар Жумалиев Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалды.
“Кыргызнефтегаз” ишканасынын “Юнитрейд” компаниясына байланыштуу арызы Жогорку Сотто 19-ноябрда каралат.
Бишкекте 19-22-ноябрда жаштардын “Cinema Camp” деген кинофоруму болуп өтмөкчү.
2035-жылга барып Кыргызстандын ар бир адамы жыл сайын 10 миң доллар таба тургандыгын экономика илимдеринин доктору Шайлообек Мусакожоев билдирди.
Айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жайдын кызматкерлери сыйланышып, анын ичинен Кубанычбек Исмаилов Даңк медалын алды.
Американын президенти Барак Обама сенаторлорго Кыргызстандагы элчинин кызматына мурун Казакстанда дипломат болуп иштеген Памела Спратлендин талапкерлигин көрсөттү.
Энергетика министрлиги Камбар-Ата-2 ГЭСинин ишке кириши кээ бир кемчиликтердин айынан убактылуу токтотулганын кабарлады.
Каржы полициясы “Дастан” ААКсынын мурунку кызматкери 84 миң долларды мыйзамсыз ээлеп алгандыгын аныктап чыкты.
Кыргызстан жана Тажикстандын базарларында ундун баасы Өзбекстан менен Казакстанга салыштырмалуу кымбат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Papinadochka
2010-11-21 15:39:39
жашооо абдан кыйын болуп кетти досто
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.