САЯКАТЧЫГА АЙЛАНГАН САЯСАТЧЫЛАР

Жогорку Кеңешке өткөн партиялардын лидерлери бул жакта иш кычап жатканына карабастан, ат тезегин кургатпай чет өлкөгө аттанмайды адат кылып алышты. Же алардын чоочун жерде эмне кылып жүргөнү ачык айтылбайт. Кээ бир партиялар кайсы бир мамлекетти “биздин стратегиялык шериктеш” деп үгүт кербенинде чоң сөз кылганын билебиз. Коалиция тууралуу сүйлөшүүлөрдүн дайыны билинбей туруп лидерлердин бири Казакстанга сапар алса, экинчиси Орусияга, дагы бирөөсү кишини чочулатып Украинада жүрсө, дагы бири чакыруу менен Францияга барып келди.
Лидерлер кайда барганын жана эмне кылып жүргөнүн билдирип коюшса жакшы болмок. “Кыңыр иш кырк жылда билинет” дечү беле? Ошонун сыңарындай, кимге эмне убада берип келгени эртең эле билинип калат да. Бир кезде экс-президент Курманбек Бакиев “ооруп” Германияга кетсе, өзүнүн эле жан-жөкөрлөрү “өлүп калган имиш” деген кептерди таратып жибергени дале эсте. Маалыматтын жоктугу түрдүү ушакты жаратат. Андыктан лидерлер буга чейинки окуялардан сабак алышса жакшы болмок.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
zulya
2010-11-20 21:04:28
азыркы саясатчылар тойгозду го то ал жакка то бул жакка Кыргызстанды банкрот кылмай болду.же ошончо барганга жараша бир нерсени чече алышпады.колдорунан боктун иши келбей жатат
0
Debi
2010-11-22 14:59:22
Чын эле, ачык айтпагандан кийин бир мандеми бар деп эле отурабыз, ошентсе да анчалык акылсыздыкка барышпастыр деп үмүттөнүп турабыз.
0
UvE
2010-11-24 17:54:48
Модератор, эмне учун биздин комменттер очурулуп жатат?
0
№ 420, 19-25-ноябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан