КӨЛДӨ КУМАРГА БАТКЫҢЫЗ КЕЛСЕ...

Элестетип көрүңүз: көл, ачык асман, эшилген кум, шарпылдаган толкундар... Айланада эч ким жок. Жылаңачтана чечинген сүйүктүүңүз экөөңүз гана... Суудан чыгаар замат кучакташып, көлдүн суусу даамдана түшкөн эриндер менен өбүшүп кирдиңиздер. Анан табийгаттын кучагында кумарга бата баштадыңыздар...
Албетте, бул жөн гана кыял. Бирок, аны ишке ашырсаңыз да болот. Анткени, жайкы аптапта көлгө түшүп эс алуу эле эмес, көлдөгү секстин өзү да кызык...

СУУ ИЧИНДЕГИ СЕКС
Көпчүлүк эркектер суу ичиндеги сексти жактырышаары белгилүү. Айымдын акыштаганы, «иш» учурунда ары-бери чайпалган суу үстү, толкун... Алар үчүн мунун баары кайталангыс романтика болуп сезилет. Эгерде көлдөгү кумарга батуунун дал ушул жолун тандасаңыз, төмөнкүлөрдү эске алганыңыз оң:
1. Суунун тазалыгы. Алгач эч ким тоскоол болбогудай ээн жерди тандап алыңыз. Мындан тышкары, сүйүктүүңүз менен көл ичине кирип кумарга батаарда суунун тазалыгына сөзсүз түрдө көңүл бурушуңуз кажет. Себеби, суу кир болсо, сырткы жыныстык органдар сезгенүүгө учурашы мүмкүн.
2. Чумкуганды билүү. Оралдык сексти кааласаңыз, анда сууга чумкуганды, атүгүл бир канча мүнөт суу алдында болгонду мыкты билишиңиз керек.
3. Доктурга көрүнүү. Көлдүн суусу туздуу болгондуктан, презервативдин сапаты бузулуп, сыртына сүйкөлгөн каражат (гель же крем) жуулуп калат. Демек, мындайда бойго бүтүүдөн сактануу анча ишенимдүү боло бербейт. Андыктан, акырында доктурга көрүнүп коюуну унутпаганыңыз туура.

КУМ ҮСТҮНДӨГҮ СЕКС
Көл жээгинде сүйүктүүңүз менен кумарга баткыңыз келсе, буга караңгы кирген убак гана ыңгайлуу. Ал эми зарыл нерселер төмөнкүлөр:
1. Ылайыктуу жер. Буга күндүз эле камына баштаса болот. Ал үчүн кайсы жерге кумарга батууга болоорун жарык кезде ылайыкташтырып коюу керек. Мындайда албетте, ээн жана кокустан кимдир-бирөө келип калбагыдай болгон жерди тандоо зарыл.
2. Керектүү нерселер. Суусундук же ичкилик (мисалы, шарап, шампан), мөмө-жемиш, тамак-аштан тышкары жеңдүү кийим, шым алып алсаңыз ашыктык кылбайт. Себеби, кечкисин көлдүн жээгинде чиркейлер көп болоору белгилүү эмеспи.
3. Төшөнчү. Суудан жаңы чыгып, денелери кумга ороло кучакташкан айым менен мырзанын сүрөтү, чындыгында, гезит-журналдарда гана суктанаарлык болот. Ал эми жашоодо бардыгы башкача. Айта кетсек, көлдүн жээгиндеги секс өтө этият болууну талап кылат. Мисалы, майда кумдар жыныстык органдарга кирип кетиши ыктымал. Ошондуктан, төшөнчүдөн керек болсо бирди эмес, экини алып алыңыз. Бирөөсүн кумарга батыш үчүн кумдун үстүнө саласыз. Ким билет, мүмкүн, кызуу “иш” учурунда бейтааныш адам келип калабы... Анда экинчиси менен дароо жамына каласыздар.

ПАЙДАЛУУ КЕҢЕШТЕР
 Кум үстүндө кумарга батаарда төшөнчү таптакыр жок болсо, эч болбосо астыңыздарга кийимдерди салып алыңыздар.
 Кумарга батканга чейин сүйүктүүңүз менен секс тууралуу көбүрөөк сүйлөшүүгө аракет кылыңыз. Маек учурунда комплименттерди айтууну унутпаңыз. Ал эми саясат, сексуалдык бузукулук, дин темаларын козгобой эле койгонуңуз жакшы.
 Эгерде суу ичинде кумарга баткыңыздар келсе, анда “эркек аркасында” ыкмасын туруп алып колдонсоңуздар өтө ыңгайлуу жана жагымдуу.
 Көл жээгине жакын өскөн бадалдар болот эмеспи. Алардын арасындагы көк чөптүн үстүнө кумарга батпай эле койгон туура. Себеби, чиркейлер жылаңач денелердин жанын койбой тургандыгын эске алып коюңуз.

КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТ
Жубайлар же төшөктөгү өнөктөштөр үчүн жайкысын пляждагы секстин өзгөчөлүгү эмнеде? Бул суроого жооп катары америкалык окумуштуу Дейв Янкердин изилдөөсүнө таянууга болот. Көрсө, жылаңайлак басуунун сүйүшкөндөр үчүн өзгөчө пайдалуулугунда экен. Анткени, бул алардын сексуалдык жашоосуна эң жакшы таасир берет. Себеп дегенде, бут кетменинин үстүндө жана таманда сексуалдуулукка жооп берүүчү эрогендүү чекиттер жайгашкан: 1 – чыпалак менен атыжоктун ортосунда, 2 – бармактын баш жагында, 3 – согончокто.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
golding_kg
2014-07-18 13:38:34
Ай,шумдугун кургур...
0
sabyr1977
2014-12-26 15:37:48
Мен да сууда коп болгонмун.жакшы билем мага жагат
0
Juzumkan
2019-01-22 12:23:11
Ах кандай соонун. Окуулар эле дуулугуп кеттим. Кумарсыз жашаш кыйынго. ХХХХХ ах ах ах кереметго.
0
№ 297, 11-17-июль, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан