Июнь айындагы түштүк коогалаңы жана акыркы окуяларга карата Ош шаарында 1-декабрь күнү мэрия менен дин башкармалык өкүлдөрү катышкан жыйын болуп өттү. Жыйын курууга себептер да жетиштүү. Алсак, мечиттин имамы Фуркат Нурматов атайын операциянын учурунда 29-ноябрь күнү өлтүрүлсө, ал эми шаардын мурунку казысы Рахматулла ажы Касымов бүгүнкү күндө издөөдө. Ал улутчул-сепаратисттик ишмердиги үчүн айыпталууда.
Ошентип, жыйында жума күнкү намазды бир гана борбордук мечиттерде өткөрүү сунушталды. Андан сырткары ажылык зыярат иштери жыйынтыкталган соң дин башкармалык Ош жана Жалал-Абад облустарында эмгектенген имамдардын көбүн кызматтан шыпырып түшүүнү пландоодо.