“ЖКнын эл өкүлдөрүнө орточо эсеп менен 15-18 миң сом айлык төлөнөт”,- деп ЖКнын иш башкармалыгынын кызматкери Алмазбек Кожомкулов билдирди. Анын айтымында, айрым депутаттардын тажрыйбасы жана класстык чинине карата бул каражаттын көлөмү көтөрүлүшү мүмкүн. Азырынча эл өкүлдөрүнүн эмгек акылары мурдагылардыкынан айырмаланбайт. “ЖКнын жаңы депутаттарынын макулдугу менен айлыктардын өлчөмү өзгөрүшү мүмкүн”,- дейт Алмазбек мырза.