АКШнын мамкатчысы Хиллари Клинтон 2-декабрда Кыргызстанга учуп келди. Экс-президент Курманбек Бакиевдин бийлиги кулагандан бери АКШ тарабынан маанилүү орундагы аткаминердин Кыргызстанга биринчи келиши. “Кыргызстандын тандап алган жолу абдан татаал. Кошмо Штаттар колдоо иретинде колунан келген жардамын берет”,- дейт Хиллари айым. Өзүнүн иш сапарында ал президент Роза Отунбаева менен жолукту. Анда эки тарапты кызыктырган түрдүү маселелер талкууга алынмакчы.
Эскерте кетсек, президент Роза Отунбаева ЕККУнун саммитинде Кыргызстандагы кырдаал дале курч боюнча калып жатканын моюнуна алган. Мамкатчы Кыргызстандан ары сапарын Өзбекстанда улантары айтылууда.