АПТА ХРОНИКАСЫ

102 билдирет

7-КАБАТТАН КУЛАП КЕТТИ
7-декабрь күнү саат 20:30 чамасында Бишкек шаарынын 12-кичирайонундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде кырсык катталган. 15 жаштагы Б.А. аттуу кыз 7-кабаттан кулап кеткен. Жабырлануучу ички органдарынан жаракат алып, сөөктөрү сынган абалда ооруканага жеткирилген.

1 КЫЗДЫ 7 КЫЗ САБАП, 3-КАБАТТАН ЫРГЫТЫП ЖИБЕРИШКЕН
Бишкек шаарынын №57-мектебинин 10-классынын окуучусу К.Бны 29-ноябрда белгисиз бир кыз "сөз бар" деп чакырган. Ары жакта турган 6 кыз кошулуп аны сабап, Фучик атындагы cейил багындагы бийик имараттан ыргытып жиберишкен. Кыздын жамбашы, таманы сынып, баш мээсине жана жүлүнүнө доо кеткен. Учурда жабырлануучу №4-шаардык ооруканада оор абалда жатат. Кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

НООКЕНДЕН КУРАЛДАР ТАБЫЛДЫ
6-декабрда саат 19:00дө Ноокен РИИБинин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан Кара-Үңкүр дарыясынын жээгинен куралдар табылган. 3 даана 16 калибрдүү мылтык, 32 калибрдүү 2 даана мылтык, Тоз-8 мылтыгы жана башка курал-жарактар табылган. Бул куралдар боюнча учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

КАЗАКСТАНДА БИЗДИН ЖАРАН КАРМАЛДЫ
7-декабрь күнү таңкы саат 06:00дө “Кордай” бажы постунан ири өлчөмдөгү баңгизатын алып бараткан адам кармалган. Героин Чүй облусунун Алексеевка айылынын тургуну А.Гнын кийиминин ичинен табылган. Анын өлчөмү 888 граммды түзгөн. Бул өлчөм 20 миң жолу колдонууга жетмек экен. Кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Биздин жаран бул кылмышы үчүн 15 жыл же андан жогору мөөнөткө камалышы мүмкүн.

ЖАШ КЫЗДЫН ЖАНСЫЗ ДЕНЕСИ ТАБЫЛДЫ
3-декабрь күнү саат 08:40та Сүйөркулов көчөсүнөн 20 жаштардагы кыздын денеси табылган. Болжолдорго караганда, өлүмгө машинанын уруп кетүүсү себеп болгон. Алган жарааттарынан улам кыз ошол жерде көз жумган. Маркумдун ким экендиги тактала элек.

2 АДАМ КАЗА ТАПТЫ
Бишкек-Ош жолунун Ноокен районуна караштуу 477-чакырымында 2-декабрь күнү саат 18:30дар чамасында жол кырсыгы катталган.16 жаштагы Болотали уулу Ырысали Ауди-100 автоунаасын башкарып бара жатып, алдыда бараткан МТЗ-80 тракторунун артына кирип кеткен. Ауди-100 машинасынын артынан Мицубиси машинасы келип урган. Жыйынтыгында 16 жаштагы Болотали уулу Ырысали жана 16 жаштагы жүргүнчү кыз каза болгон. Калган 4 жабырлануучу Шамалды-Сай шаарчасынын ооруканасына жеткирилген.

101 билдирет

БАЗАР-КОРГОНДО БАЗАР ӨРТТӨНДҮ
2-декабрда саат 20:00дө райондун базарынан өрт чыккан. Бычак курчуткан күркө өрттөнүп, жанындагы дарыканага өтүп кеткен. Өрттүн чыгышына электр жабдыктарын туура эмес колдонуу себеп болгон. Күркөнүн ээси 30 миң сом, ал эми дарыкананын ээси 2 миң сом зыян тарткан.

ОЮНДАН ӨРТ ЧЫГАТ
3-декабрь күнү саат 13:05те Араван районунун Токтогул көчөсүндөгү А.Мамажановдун үйүнөн өрт чыккан. Кырсыктын кесепетинен 330 чарчы метрди ээлеген үйдүн чатыры, чарба буюмдары күйүп кеткен. Өрткө 5 жашар баланын ширеңке менен ойногону себеп болгон.

ТАМЕКИ АЛЫП КЕЛГЕН ӨЛҮМДӨР
7-декабрь күнү саат 06:58де Токмок шаарынын №50-үйүнүн 17-батиринде өрт чыгып, диван күйүп баштаган. Өрттөн чыккан уулуу газдан 1959-жылы туулган Жумабаева Жамиля жана 2007-жылы туулган Жумабаев Бахадыр каза болгон. Өрткө өчүрүлбөй калган чылым себеп болгон.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 423, 10-16-декабрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан