11-декабрда болгон Москванын “Манеж” аянтындагы баш аламандыктардын катышуучулары жаза ала башташты. Бул тууралуу Орусиянын кылмыш иликтөөчүлөрү билдиришти. Негизинен, массалык баш аламандыктарга чакырык жана улут аралык тукуруучулук боюнча 20дан ашуун кылмыш иштери козголду. Бирок азырынча 1 гана студенттин 1000 рубль акчалай айыпка жыгылгандыгы маалым.
Эске салсак, Москва окуяларына москвалык “Спартактын” Егор аттуу күйөрманынын өлтүрүлгөндүгү себеп болгон. Анын өлүмүнө шектүү делген кабардин-балкариялык Аслан Черкесов кармалган. Учурда иликтөө жүрүп жатат.