АПТА ХРОНИКАСЫ

102 билдирет

ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫ 113 БАЛАНЫН ӨМҮРҮН АЛЫП КЕТКЕН
2010-жылдын 11 айынын ичинде республика боюнча 819 жол кырсыгында жаш балдар жабыркаган. Кырсыктардын кесепетинен 113 бала каза болуп, 851и ар түрдүү жаракаттарга кез келген. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 1,7 пайызга аз. Кырсыкка кабылган балдардын 54,6 пайызы жөө жүргүнчү, ал эми 41,8 пайызы автоунаалардагы жүргүнчүлөр болушкан.

ДАГЫ БИР ЖАРАНЫБЫЗ ТОКМОК ЖЕДИ
2010-жылдын 16-декабрында саат 22:00дө Москва шаарында Кыргызстандын жаранын сабап кетишкен. Шаардагы соода борборлорунун биринде көчө шыпыргыч болуп иштеген 27 жаштагы Н.Кны үч белгисиз бала темир арматуралар менен токмоктошкон. Жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Бул кылмыш боюнча шектүү деп 15-16 жаштардагы үч өспүрүм кармалган. Иликтөө иштери жүрүп жатат.

БОМБА ТАБЫЛГАН ЖОК
17-декабрь күнү укук коргоо органдарына “№55-мектепте бомба бар” деген билдирүү түшкөн. Ушундан улам Бишкек шаарынын Гагарин көчөсүндө жайгашкан мектепке укук коргоо органдарынын кызматкерлери текшерүү жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында эч кандай бомба табылган эмес.

ӨЛТҮРҮП, СӨӨГҮН СУУГА ЫРГЫТЫП ЖИБЕРИШКЕН
2010-жылдын 15-декабрында Жалал-Абад шаарынын тургуну баласы А.Кнын дайынсыз жоголгонун билдирген. Уулу 30-ноябрь күнү Дэу-Тико машинасы менен үйүнөн чыккан боюнча кайрылып келген эмес. Кылмыш иликтөө иштеринин жүрүшүндө А.Кны Сузак жана Токтогул районунун тургундары П.К. жана Р.Ж. А.Кны өлтүрүп, денесин Нарын дарыясына ыргытып жиберишкендиги маалым болгон. Ал эми машинасын Бишкек шаарына алып келишип, 10 миң сомго сатып жиберишкен. Шектүү адамдар көрсөтмө беришип, тергөө иштери жүрүп жатат.

МЕКЕНДЕШИБИЗ ОК ЖЕДИ
20-декабрда Москва шаарынын чыгыш тарабында Кыргызстандын жараны Ж.Нны белгисиз бир адам пневматикалык тапанча менен бетке аткан. Көзүнөн жаракат алган жердешибиз ооруканага жеткирилген. Кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүүлөр изделүүдө.

8 АЙЛЫК ЫМЫРКАЙ КАЗА БОЛДУ
21-декабрь күнү саат 17:30да Ош-Исфана жолунда жол кырсыгы катталган. Мерседес Бенц автоунаасынын айдоочусу машинаны башкара албай калып, машина тоголонуп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 8 айлык ымыркай жана айдоочу каза болгон. Андан сырткары 4 адам ар кандай жаракаттарды алган. Машинадагылардын баары Тажикстандын жарандары болуп чыкты.

101 билдирет

ЭКИ АДАМ КАЗА БОЛДУ
18-декабрь күнү түнкү саат 02:00дө Майлуу-Суу шаарынын Ленин көчөсүндөгү №8-үйдө өрт катталган. Үйдүн 12 чарчы метр жери күйүп, эки эркек адамдын денеси табылган. Алардын бири 1961-жылы туулган, үйдүн кожоюну Виталий Князев болуп чыккан. Экинчи адамдын аты-жөнү такталып жатат. Өрткө өчпөй калган тамеки себеп болгон.

36 ТОННА ЧӨП КҮЛГӨ АЙЛАНДЫ
20-декабрь күнү саат 18:40та Талас районунун Үч-Эмчек айылынын жашоочусу Ж.Акматовдун үйүнүн короосунан өрт чыккан. Өрттүн натыйжасында 36 тонна чөп өрттөнүп кеткен. Өрт өчүргүчтөр тилсиз жоону 9 саатта өчүрүп бүтүшкөн.

КАРАКОЛДО ГЕЗИТТЕР ӨРТТӨНДҮ
20-декабрда саат 02:30да Каракол шаарынын Карл Маркс жана Крупская көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан гезит күркөдөн өрт чыгып, толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн себеби белгисиз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 425, 24-30-декабрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан