КЫЛМЫШКА ЖЕТЕЛЕГЕН АКЧА АЗГЫРЫГЫ

"...Атам машина сатып алганы автобазарга кеткен боюнча кайрылып келген жок. Уюлдук телефонуна чалсак, алгач эч ким жооп бербей жаткан. Эми таптакыр өчүрүлүп калды..."
Мындай арызды милицияга 17 жаштагы жигит алып келди. Бөлүмдө дайынсыз кеткен жарандын аты-жөнү, өзгөчө белгилери такталып жаткан чакта бөлөк райондон адамдын сөөгү табылды. Маркумдун баш сөөгү быркырай талкаланып кеткенден улам көз жумганы маалым болду.

ДАЙЫНСЫЗ ЖОГОЛДУ
– Саламатсыздарбы. Арыздарды ким кабыл алат?
Таң эрте милиция бөлүмүнө келип арыз тапшырмакчы болгон жигитти күзөттөгү кызматкерлер керектүү кабинетке киргизип коюшту. Жигиттин таң эрте келишинин да себеби бар экен. Атасы "автобазардан машина сатып алам" деп чыгып кеткен боюнча кайрылып келбептир. Баланын кебин бөлбөй угуп отурган кылмыш иликтөөчү эми суроолорду бере баштады:
– Атаңдын жанында акча бар беле?
– Ооба, алты миң доллар акчасы бар болчу. Экөөбүз чогуу санаганбыз. "Жип" алам. Бул акчаны алдын-ала кепилдик катары берсем, калганын шаарга, нотариуска барган жерден берем",- деп кеткен болчу.
– Жанында кайсы документтери бар экенин билет белең?
– Паспорту, айдоочулук күбөлүгү, техпаспорту машинасындагы кичинекей сумкасында жүрөр эле.
– Телефону кайсы маалда жооп бербей калды?
– Атам жумушу көп адам. Үйгө көпчүлүк учурда түн ортосунда келет. Бул күнү мен жумуштарым чыгып, кечки саат бештерде чалып калдым. Телефонуна жооп берген жок. «Бош эмес окшойт» деп он мү­нөттөн соң кайра чалдым. Жооп жок. Эки сааттан кийин чалсам да жооп болбоду. Үйдөгүлөр болуп түнү бою күттүк. Келген жок. Телефонуна кайра-кайра чалып жаттык. Бир маалда аппараты өчүрүлүп калды. Ошондон баштап "бир жамандык болдубу" деп тынчсыздана баштадык.
– Машинаны ошол күнү тандамак беле же мурун көрүп келген беле?
– Айтымында, мурун көрүп келген. Ошол күнү эртең менен: "Мен жакшы "Жип" көрүп келдим. Аны бүгүн алып, сага мен минип жүргөн машинаны берем",- деп айтып кеткен.
Мындай сүйлөшүүдөн соң дайынсыз кеткен ал киши изделүүдө жүргөндөр­дүн тизмесине кошулуп, кайда жүргөн­дүгүн аныктоо боюнча иштер башталды.

ТООДОН ТАБЫЛГАН СӨӨК
– Саламатсызбы, райондук милициянын күзөт бөлүмү угуп жатат.
– Тоодо бир кишинин сөөгү жатат. Ошону айтып коёлу деп чалып жаттык эле.
– Кайсыл тоодо? Дарегиңерди тактап айткыла.
Шашылыш чогулган опертоп телефон чалган адам айткан тарапка заматта жетип барышты. Жанагы телефон чалган киши эки шериги менен маркумдун сөөгүн алыстан кайтарып турушуптур. Айтымдарында, тоого көңүл ачууга чыгышкан экен. Кокусунан адамдын сөөгүн көрүп калып, милицияга кабарлашыптыр. Маркумдун башын оор буюм менен жара чабышканбы, айтор, баш сөөгү быркырап сынып кеткен. Опертоптун жигиттеринин бири күбөлөр менен сүйлөшүүнү баштаса, экинчиси сөөк табылган жерди текшерип, калгандары маркумдун денесин целлофанга ороп киришти.
– Шаардагы төрт районго байланышып, тоодон сөөк табылгандыгын кабарлагыла. Кылмышкерлер аны шаардын ичинде өлтүрүп, анан сөөгүн тоого алып барып ташташы мүмкүн. Дайынсыз кеткендердин тизмесин жакшылап карап чыккыла!
Кабинетке кирген опертоптун жетекчиси жигиттерге тапшырма берип, анан сотмедэкспертизанын кызматкери менен сүйлөшүүгө отурду. Маркумдун эмнеден улам каза тапканын сотмедэкспертиза бир аптада, ашып кетсе, бир айда тактап чыгат. Бирок, айрым маалыматтарды алдын-ала деле айта алышат.
– Шеф, эки РИИБден жооп келди. Сыягы, маркумду жакындары издетип жатышкан көрүнөт. Мына, мобу аныктаманы карасаңыз.
Эксперт менен сүйлөшүп жаткан бөлүм башчынын кебин бузуп, кабинетине кылмыш иликтөөчүлөрдүн бири кирип келди.
– Берчи?!. М-мм... Да-аа... Окшошот экен. Тезинен аларга чал. Сөөктү таанууга жакындарын алып келишсин.
– Жарайт.
Көп өтпөй сөөктү көрүүгө кошуна РИИБдин эки оперкызматкери, дайынсыз кеткен кишинин уулу менен жубайы келишти. Сөөктүн бети карарып, шишип күндө калгандыктан, бузулуп кеткен эле. Бирок, колунун манжаларындагы жазуу даана көрүнүп турган. Маркумдун аялы ал жазууларды көрөөрү менен буркурап, ыйлап жатып калды.

"ЭКИ ЖИГИТТИ ЭЭРЧИП КЕТКЕН"
Эки райондун кылмыш иликтөө­чүлөрү биргеликте бул ишти бир ай иликтешти. Маркум дайынсыз жоголгон күнү чын эле автобазарга барган экен. Аны көргөн күбөлөр да табылды. Алардын бири: "37 миң долларга "Жип" сатып алмакчы болуп турган эле. Бирок, эки жигит аны айнытып, "мындай машинаны 33 миңге таап беребиз" деп алып кетишкенин билем. Калганын билбейм ",- деп көрсөтмө берди.
Соттук-медициналык экспертизанын билдирүүсүнө караганда, маркум муунтулуп, башына кырдуу оор буюм тийгенинен улам каза тапкан. Ал эми МАИ кызматкерлери маркумга тиешелүү машинаны түштүктөгү шаарлардын бириндеги унаа токтотуучу жайдан табышты. Күзөтчүлөр машинаны Кайрат аттуу жигит калтырып кеткенинен башка эч нерсе айта алышпады. Кайрат аттуу белгисиз жигитти издеген милиция кызматкерлери кичинекей кыштактан таап, кармап келишти.
Башында эч нерсеге түшүнбөй жаткандай түр көрсөткөн жигит жакшылап кысымга алынган соң кылмыш илик­төөчүлөрдүн суроолоруна жооп бере баштады.
– Машинаны кайдан алдың эле?
– Аа, аны... Досторум суранышканынан алпарып койгом.
– Кайсы досторуң? Аты-жөндөрү...
– Байке, бул машинаны кайдан алып келишкенин билбейм. "Биз бошой албай жатабыз" деп суранышканынан гана айдап барып токтотуп кеткем.
Кайрат көп маалыматтарды айтып берди. Машинаны түштүк­тө­гү шаарга анын классташы Керим менен Зарыл аттуу жигит чогуу айдап барып: "Казакстанга баратабыз. Машинаны жок дегенде үч айча бир жерге токтото туруу керек. Ылайыктуу жай таап бер",- деп сурангандарын айтып берди. Бул сүйлөшүү­дөн соң түнкүсүн казак-кыргыз чегара күзөт постуна чыккан оперкызматкерлер түн жамына чет жерге жөнөгөн Керим менен Зарылды кармап келишти. Текшере келгенде биринин жол сумкасынан ырлар жазылган дисктер табылды. Маркумдун уулу атасына өзү тандап жаздырып берген дисктерди жакшы таанычу. Криминалисттер да дискте маркумдун бармак издери сакталып калгандыгын аныкташты. Актанууга амалдары жок калган эки жигит маркумду кантип өлтүргөндөрүн айтып беришти.
Оңой акча таба коймокчу болгон алар автобазарды айлана кардарларды акмалап жүрүп акыры "Жип" алмакчы болуп турган кишини бутага алышкан экен. Колуна салынган кишенди кармалай башын шылкыйтып отурган Керим: "Ал кишинин жанына барып алгач баракча сундум. Баракчада Араб Эмираттарынан арзан баада машина алып келип сатып жаткан фирманын жарыясы бар эле. Аны компьютерди жакшы билген таанышыбызга жасатып алганбыз. Баракчаны окуп кызыгып калган ал кишиге: "Шаарда автосалон ачканбыз. Барып көргүлө",- деп алдап ээрчитип кеттик. Алдыңкы орунга мен, артка Зарыл отурду. Шаарга бир аз жетпей ээн жолдо Зарыл анын моюнуна чынжыр илип, муунтуп калды. Мен болсо домкрат менен башына чаап калдым. Сөөгүн тоо тарапка алпарып, ээн жерге таштап салдык. «Кылмыштын изи суугуча машинаны алыска алып барып коё туралы» деп ойлоп, түштүктөгү мен туулган шаарга айдап барып таштаган элек",- деп көрсөтмө берди.
Бешиктен бели чыга элек жатып мындай оор кылмыш ишине барган Керим менен Зарыл ар бири он жылдан эркинен ажыратылып, күчөтүлгөн тартиптеги абакка жөнөтүлдү. Маркумдун машинасы менен табылган өздүк буюмдары анын үйбүлөсүнө кайтарылып берилди.

Даярдаган Шаиста Шатманова. Сүрөтчү Ренат Мамытбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 298, 18-24-июль, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан