Бир бүркүм... «КУРМАНЖАН ДАТКА» ТАСМАСЫ КӨРСӨТҮЛДҮ...

  • Казакстандын Астана шаарында 22-декабрь күнү улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган тегерек үстөл болуп өттү.
  • Акын Алыкул Осмонов тууралуу 15 мүнөттүк тасма жаралды. Аны журналист Айдай Чотуева тартып, бул иши режиссёрлукка таштаган алгачкы кадамы болуп калды.
  • БШК башка кызматка кеткендиги үчүн Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабанов жана Ибрагим Жунусовдун депутаттык мандатын алып салды.
  • Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Биринчи Май айылында 120 орундук бала бакча ачылды.
  • БШКнын төрагасы Акылбек Сариевдин айтымында, президенттик шайлоонун өткөрүлүүчү мөөнөтү 2011-жылдын ноябрь айында жарыяланышы шарт.
  • 27-декабрда Опера жана балет театрында мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун 100 жылдыгына арналган маараке болуп өттү.
  • Аксы окуясы боюнча сот иши 23-декабрь күнү айыпталуучу Болот Жанузаковдун ден соолугунун начарлаганына байланыштуу соттолуучу айыгар мезгилге чейин жылдырылды.
  • ЕККУнун полиция кызматкерлери Кыргызстандын 18 районунда өз ишин баштай турганын ИИМдин өкүлү Шамшыбек Мамыров кабарлады.
  • ЖКнын депутаттары Бишкектеги Биринчи Май районуна Исхак Раззаковдун ысымын ыйгарууну көтөрүп чыгышты.
  • ЖК алгачкы эл аралык макулдашууну ратификациялады. Ага ылайык, Германия Кыргызстанга 63,7 миллион евро бөлөт.
  • Ош жана Жалал-Абад облустарындагы июнь окуясын иликтөө боюнча Улуттук комиссия жумушунун жыйынтыгын президент Роза Отунбаевага жана Жогорку Кеңешке жөнөттү.
  • Эл аралык “Руханият” ассоциациясы министр жана Ош, Жалал-Абад облустарын калыбына келтирүү боюнча дирекциянын башчысы Жантөрө Сатыбалдиевге “Жылдын адамы” деген сыйлыгын ыйгарды.
  • Режиссёр Замир Эралиев тарткан “Курманжан датка” жаңы даректүү тасмасынын ачылышы болуп өттү.
  • ИИМ уюлдук телефондордун кожоюндарын милдеттүү түрдө каттоо демилгесин көтөрүп чыкты.
  • Кыргызстан 2011-жылы теракттарга кириптер болчу өлкөлөрдүн тизмесине киргизилди. Бул тууралуу британиялык «Maplecroft» компаниясы кабарлаган.
  • ЖКнын «ар-намысчы» депутаты Дастан Бекешов парламенттин имаратына мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн пандус орнотууну сунуштады.
  • Чет жерде жашаган кыргыздар өзүнүн этникалык өзгөчөлүгүн жогото баштаганын «Аалам кыргыздары» фондунун директору Акылбек Атабаев кабарлады. Анын айтымында, 90-жылдары көчүп кеткен кыргыз үй-бүлөлөрдүн балдарынын көпчүлүгү өз эне тилин билишпейт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 426, 29-декабрь - 6-январь, 2011-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан