Өкмөт түзүлгөндөн кийин “Кыргызстандын саясий сөздүгү” дагы бир сөзгө байыды. Жаңы пайда болгон “Саясий жан кечтилердин өкмөтү” деген сөздүн автору – “Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов. Бул сөзүн темир генерал “Фергана.ру” сайтына берген маегинде айтты. “Саясий жан кечтилердин өкмөтү деп атаганымдын себеби, жаңы өкмөттүн өмүрү өтө кыска”,- дейт Кулов мырза.
Ошондой эле өкмөт башына келген Алмазбек Атамбаевге иштеп кетүү оор болорун билдирген. “Ал экономиканы өнүктүрүү менен алектенбей эле, президенттик шайлоодо жеңип чыгуу үчүн административдик ресурстун структурасын түзүүгө алаксый берет”,- дейт Феликс Кулов.
Аны менен катар өкмөт башчылыкты талап кылып, бирок, тилекке каршы, бул кызмат буюрбай калганына таарынбаганын айтып саймедирейт. Ооба, келерки жылдын аягында өтүүчү президенттик шайлоого Феликс Кулов аттанса, Орусиянын көмөгү менен потенциалдуу талапкер болушу ыктымал. Ал эми «азыркы өкмөттүн курамы тез аранын ичинде тарап кетиши мүмкүнбү?» деген суроого Кулов мырза «Кыргызстанда баары мүмкүн...» деп жыландын башын кылтыйткан.