25-декабрь күнү таң атпай Бишкек шаардык БИИБине караштуу имараттын жанынан ЛэндРоверДискавери үлгүсүндөгү автоунаа табылды. Кожоюну жок, ээн ташталган унаанын ичинен колго жасалган жардыргыч зат чыкты. УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, коркунучтуу заттын салмагы 30 килограммды түзүп, ал уюлдук телефонго байланыштырылган. Мынча салмактагы зат жарылса, БИИБдин имаратынын күлү көккө сапырылмак. Айтор, Кудай бир сактады.
Бул машинанын Сокулук районунан уурдалганы аныкталып, ЛэндРовер АКШнын жаранына тиешелүү болуп чыкты.
Биринен сала бири кайталанган мындай иштерден улам УКМК жарандарды шектүү буюмдарды өз алдынча изилдөөдөн алыс болууга чакырат.
Эгерде ошондой буюмга туш келип калышса, анда (0312) 62-65-04 ишеним телефону боюнча байланышууну суранат.