Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев үгүт кербенинде жарыялагандай, алгачкы сапарын Кремлден баштады. Ал 27-декабрда өзүнүн орусиялык кесиптеши Владимир Путин менен жолугушуу өткөрдү.
Азырынча сүйлөшүү учурунда “Кыргызгаз” менен “Газпромдун” ортосундагы бирдиктүү долбоорлорго кайтуу керектиги козголду. Алмазбек Атамбаев: “Орусия – биздин негизги стратегиялык өнөктөшүбүз, мындан башка альтернатива да жок”,- деди.
Жаңы өкмөт башчынын айтымында, 2011-жылдын 1-январынан тарта Орусиядан Кыргызстанга ташылуучу күйүүчү майдын салыгы жокко чыгарылат. Буга чейин анын өлчөмү ар бир тоннасына 208 долларды түзүп келген. «Андан сырткары Орусиянын өкмөтү Кыргызстанга 200 миллион доллар насыя бөлүүнү карайт»,- деди Алмаз мырза.