ЖАПАРОВ «АКЫЛ» АЙТАТ

ЖКнын “ар-намыс­чы” депутаты Акылбек Жапаров иш башталгандан бери кесиптештеринен айырмаланууда. Өткөн аптада депутаттарга жума күнү намаз окууга атайын убакыт бөлүп берүүнү суранса, азыр Каржы министрин “мугалимдердин айлыгын көтөрүүгө каражат табасың” деп жарга такап турган кези. “Кирешени бекитпегиле! Мен аны баары бир таап алам”,- деди депутат. Ал “Манас” аэропортунан түшкөн кирешени (17 миллион доллар) мугалимдердин маселеси үчүн сарптоону сунуштады.
Бакиевдин мезгилинде министр жана вице-премьерлик кызматтарды аркалаган Акылбек Жапаров эми түштүктү калыбына келтирүү боюнча дирекциянын башчысы Жантөрө Сатыбалдиевге ишенбей отурат. Акылбек Жапаровдун айтымында, аталган дирекцияга жөнөтүлгөн каражатты мэрияга өткөрүп берүү керек. “Эртең Жантөрө Сатыбалдиев башкарган мекеме жоюлса, ким жооп берип калат? Андыктан акча каражаттары үчүн жоопкерчиликти мамлекеттик органдын адамы же шаар башчы Мелис Мырзакматов алышы керек”,- дейт Жапаров мырза.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Nazulya
2010-12-30 15:08:18
Акылбек мырза сизге ийгилик каалайм! Сиздей адамдар коп болсо деп тилейм!
0
Барс
2010-12-30 17:02:28
Эмне, Жапаровдун койгон талаптары туура эмеспи?
0
aalam
2011-01-01 16:48:53
мен дагы бир озгочолукту байкадым! Жапаров мырзанын коркпогула жолдоштр деген созун коп укчу болдук. демек озу учун бул депутат тыянак чыгарган экен дедим. Экономист катары солидарность деген нерсени карманам. алга! ийгилик жолунан адашпаныз!
0
SubAz
2011-01-02 01:09:34
а мурда каржы министри болуп турганда оз нени кыйратыптыр иия? эми ле бироону сындаганга маш.
0
arlekino
2011-01-05 11:00:09
Бул адам негизи эле коп жылдан бери экономика тармагында иш кылат, так что баары бир опыты бар эмнеси болсо да...орто жаштагы адам(55-60 арылар оорундарын жаштарга бошотпой отурган отурган жанталашып),ишинер илгерилей берсин!
0
Selya
2011-01-05 17:17:55
булар баштаган ишин аягына чыга албай калып жатышат да экономика министри болуп коп эле ишти баштаган эле да . Он молодец иштесе иштеп эле коет тоскоолдуктар болбосо.
0
Нурай
2011-01-06 09:24:49
Эмне эле баарын Мырзакматовго бериш керек деп калышкан? Ал кийин болушот го? Жанторо болсо буларга "чотур" бербей койгонбу...
0
mersiko
2011-01-09 23:25:32
Озу министр болуп жургондо эмнекылды экен?
0
shishka
2011-01-10 02:15:17
ozu ministr bolup jurgondo ech nerse kyla albai,talastan keltek jebei bir olumdon kalganyna suiunup,emi jakshy ishtep elge korunoiun dep atkan kezi.murun korkchu elem beker eken dep,korkpogula dep suilop atat
0
№ 426, 29-декабрь - 6-январь, 2011-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан