Эркектердин жарымы болгон аялзаты кулк-мүнөзү боюнча бири-биринен айырмаланып келет эмеспи. Бул жолу аялзатын жаныбарларга салыштырып көрүп, кызыктуу салыштыруулар келип чыгаарын
байкадык.
Жөргөмүш аял
Мындай айымдар мырзалар үчүн түбөлүк табышмак бойдон келет. Анткени, желедеги жөргөмүш сыяктуу анын кубанганын же кайгырганын так ажыратып билүүнүн өзү кыйындыкка турат. "Жыныстык катнаш" учурунда да рахат алганын же албаганын так айырмалоо мүмкүн эмес.
Мышык аял
Мындай аялзатына кезигүүнү бардык эле мырзалар кыялында самаса керек. Анткени, алар табиятынан сексуалдуу, сырын оңой менен ача бербеген табышмактуу, анан эркек каалагандай "жан шерик" болуп бере алат. Тилекке каршы, мындай айымдар чыныгы жашоодо өтө сейрек кездешет. Төшөктө мышык сымал наздана кылыктанып, эркелеп жатып да, эркелетип да кумарга батат.
Жылкы мүнөздүү аял
Чыныгы жашоодо аялзатынын көпчүлүк пайызын жылкы сымал аялзаты түзсө керек. Үйбүлөгө камкор болгону менен эркектин көңүл борборунда жүрүүнү жактырат. Андыктан, жылкы мүнөздөгү айымга кезиксеңиз, аны алгач мингенде эле жакшы токуп минип алыңыз. Ошондо гана ал сизге өмүр бою кызмат кылып берүүгө даяр. Болбосо, эркекке баш бербей, төшөктө да ойт бериши ыктымал.
Коала аял
Мындай айымдар өтө жалкоо келишет. "Алма быш, оозума түш" дегендей, даярга тап болуу жашоододогу өнөкөтү. Тагыраак айтканда, "Кудай Таалам өзү берет" деген ишеним менен жашап жүрүп өмүр кечирет. Жадакалса, төшөктө да аракет кылайын дебейт. Өздөрүн кумарга батырууга эркек милдеттүү деп эсептеп, дубал чукуп, сулк жата беришет.
Карышкыр аял
Сизди түшүнүп, башка кыйынчылык түшкөн маалда колдоп бере алганга кудурети жетет. Дегеле, сизге бардык жагынан жакшы жар болуп берүү менен бирге сизди өмүрү өткөнчө берилүү менен сүйүп да өтөт. Төшөктө да так сиз ойлогондой болуп, тартынбастан ар кандай ыкманын түрүн колдоно билет. Эгер түгөйүнүн ойнош күтүп алганын билсе, карышкыр сымал катуу "каап" алуудан тайманбайт.
Сары чымчык аял
Обу жок чыркырап-чырылдай бергени аз келгенсип, кичинекей нерсени чоң нерсеге айлантуу — башкы сапаттарынын бири. Мисалы, колунун тырмагын жаңы лак менен боёгонунан тарта төшөктө кандай "иштешкенине" чейин коңшуларына, тааныштарына жарыялап айтып турмайынча, ичкени аш болбойт. Чынында, төшөк жаатында кумардын туу чокусуна чыкканын же чыкпаганын өзү деле так ажырата билбейт.
Уй мүнөздүү аял
Мүнөзү өтө оор болгону менен колу ачык. Тилин таба билсең эч нерсесин аянбайт. Уйга окшоп өтө чыдамкай келет. "Өзүм куру чай ичсем да күйөөм менен балдарым каймак жеп турса",- деп өмүрү өткүчө аракет кылат. Төшөктө олдоксон келип, жаңы түрлүү ыкманын болушун каалабайт. Өмүрү өткүчө бир калыбынан жазбайт.
Чиркей аял
Бул түрдөгү айымдар тандаган эркегинин моюнуна конуп алса, өмүр бою анын канын соруп өтөөрү анык. Эркектердин акчасын башкы орунга коёт. Төшөктө "кумардын туу чокусуна жетүү" үчүн бардык ыкмага дайым даяр.
Жылан аял
Бул мүнөздөгү айымдар акылдуу, сезимтал келишет. Караңгыда жол көрсөтөөр шам-чырак болуп бере алган кудурети күчтүү, мыкты аял. Өзүнө кас санап, биринчи тийишкен адамды билгизбей чагып алмай жайы бар. Жактырган эркегине толук ээ болуу үчүн бардык нерсеге тайманбастан барат. Төшөктө колдору жылан сымал оролуп, сексуалдуу келет.
Даярдаган Венера Камалова