“Американын секс-символу” атыккан эки актёр бир тасмага тартылды. Сөз Жонни Депп жана Анжелина Жоли тартылган “Турист” тасмасы тууралуу болуп жатат.
Фильм аяктап калган учурда эротикалык сценалар бар экенин билип калган актёрдун аялы Ванесса Паради күйөөсүнө ультиматум койгон. Ал Анжелина менен аткарган эротикалык эпизоддорду алып салышын талап кылган. Ошентип, кысымга туш келген Депп Анжелина менен душта болгон эпизоддон баш тартууга мажбур болгон. Тасманын “туздуу” жерин алып салганы үчүн продюсерлер Депптин гонорарын кыскартууну ойлошууда.