КҮНГӨ КҮЙҮҮ ТУУРАЛУУ КЕҢИРИ СӨЗ

Күн айыктырат, чыңалуудан арылтат, тотуктурат (дененин күнгө күйүп күрөң тартып калышы). Ал эми күн ашыкча өлчөмдө адамга зыян алып келет. Эс алуунун алгачкы күндөрүндө күнгө бир нече мүнөттөн гана кактануу керек. Бул организмди күндүн чоң өлчөмдөгү зыяндуу нурларын кабыл алууга даярдап, күндөн катуу күйүп калуудан сактайт. Ашыкча күнгө кактануу отпусканын жарымын дарылоого кетирүү болуп эсептелет.

Кандай оорусу барларга күнгө кактанууга болбойт?
Кан басым, диабет, кургак учук, богок, невроз оорусу менен жабыркагандарга, күндөн аллергиясы барларга болбойт. Мындан тышкары денесинде жүн өсүп кетүүгө жакындарга, майда кан тамырлары тери алдынан көрүнүп тургандарга, тери оорусу барларга да күнгө кактануу зыян алып келет. Бутунда варикоз оорусу барлар да буттарын күнгө кактоого болбойт. Күндөн аллергиясы барларга, этек кири келип жаткан жана климаксты башынан өткөрүп жаткан аялдарга кактануу зыян.
Эгерде жогоруда айтылган оорулардын бири менен ооругандар аз өл­чөм­дө болсо да күнгө күйүүнү каалашса, анда дарыгерлердин кеңешине сөзсүз кайрылуулары зарыл. Болбосо оорулары тереңдеп кетет.

Пляжда өтө ысыбайын десеңиз...
Идишке суу менен эвкалипт майынын аралашмасын алып жүрүңүз. 1 литрге 10 тамчы кошсо жетиштүү. Эгерде бул аралашма менен колду, желкени, бутту сүртсөңүз, муз сымал муздатат.

Пляжга чыгаарда эмнени колдонбоо керек?

  • Атырды. Атыр сүртүлгөн териде күндүн нурунун айынан күрөң так калып калат.
  • Суусундукту көп ичпөө керек. Суусундук тердин көп бөлүнүшүн шарттайт. Тер менен кошо организмге керектүү заттар чыгып кетсе, дене алсызданат.
  • Нейлондон жасалган кийимди (ич кийимди, купальникти) кийбөө керек. Бул материал абаны өткөрбөгөндүктөн, дене кысылып, жагымсыздык келип чыгат.

Күнгө күйүп калганда эмне кылуу керек?
Күндүн табынын денеге көп өтүп кетишинин белгилери болуп баш оору, кусуу, дененин көтөрүлүшү, тамырдын кагышынын өзгөрүшү эсептелет. Оор учурда адам эсин жоготот.

  • Күндүн табы өтүп кеткен адамды алгач көлөкө жерге алып барып, муздак суу ичирүү кажет. Башына муздак сууга нымдалган чүпүрөк басып, адамды муздак сууга нымдалган шейшепке оросо да болот. Ысытмасын түшүрүү үчүн денесин спирт менен сүртүү же аспирин таблеткасын берүү зарыл. Эгер жабырлануучунун абалы оор болсо, ооруканага алып баруу кажет.
  • Күнгө көп күйүүдөн кийин суюктук бар ыйлаакча пайда болушу да мүмкүн. Мындайда суусоо менен катар дене табы көтөрүлөт. Кээде ич өтүү да күтүлөт. Алгачкы жардам катары жабыр тарткан адамга суусундуктан көп жуткузуп, валерианкадан 15-20 тамчы берүү кажет. Андан соң дарыгерге көрсөтүү оң.
  • Кокус адам эсин жоготсо, нашатырь спиртин жыттатуу керек.
  • Дене табы көтөрүлбөй, бирок, дене абдан кызарып калса, анда жаңы каймакты шыбоо зарыл. Бирок, муну жатаарда колдонуу керек. Же колдонгон соң күнгө таптакыр чыкпоо зарыл.
  • Абдан кызарып калган жерге картошка пюресин тартса да болот. Ал үчүн картошканы сүргүчтөн өткөрүп, марли аркылуу ширесин сыгып алган соң калганын күйгөн жерге басуу керек. Бул күйгөн жердеги оорутууну басып, ыйлаакчанын пайда болушуна жеткиребейт.

Эсиңде болсун!
Күнгө ашыкча кактанууда адамга күндүн зыяндуу нурлары өтүп кетет. Зыяндуу нурлар тери рагына, залалдуу мелонамага чейин жеткирет. Андыктан, эске алчу нерселер төмөнкүлөр:

  • Пляжда күндөн күйүүдөн сактоочу кремдерди денеге 2-3 саат сайын жаңылатып, калың кылып шыбап туруу керек.
  • Көлдө эс алууда жүргөндө тамак-ашка гречка, эт, буурчак, быштак, жаңы балыкты сөзсүз кошуу керек. Булар күндүн зыяндуу нурларынын денеге өтүп кетпешине өбөлгө болот.
Даярдаган Канымжан Усупбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 298, 18-24-июль, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан