28-декабрда Курманжан датка тууралуу “Тоо ханышасы” аттуу документалдуу тасманын бет ачары Бишкектеги “Ала-Тоо” кинотеатрында болуп өттү.
Тасма мыкты сапатта тартылганын айта кетпесек болбостур. Тасманын режиссёру Замир Эралиевдин айтуусунда, тартуу иши Ош коогалаңына туш келип, бир катар кыйынчылыктарды жараткан. Бет ачарга президент Роза Отунбаева, спикер Ахматбек Келдибеков жана парламенттин бир топ депутаттары, Курманжан датканын урпактары келишти. Тасма Бишкекте, Ошто, Алайда тартылган. Бюджети 1,5 миллион сомду түзгөн.