ЖЫЛДЫЗДЫН ТҮГӨЙҮ БОЛГУҢУЗ КЕЛЕБИ?

Бардык эле кыз ак боз ат минген ханзаадага турмушка чыгып, ханбийкедей жашагысы келет. Биздин шоу чөйрөдө жомоктогудай ханзаада жок болсо да, таланты, атактуулугу, сымбаттуу келбети менен алардан кем калбаган бойдок жигиттер көп. Паспортуна али никеси бар деген «мөөр» басыла элек мырзалардын тизмеги менен таанышып, жакканын кармап калыңыз.

Руслан Ботобаев: «КЫЗДАРДЫН КӨЗҮНӨ МААНИ БЕРЕМ»

Туулган жылы, күнү – 1987-жыл, 18-февраль
Туулган жери – Бишкек шаары
Бою – 185 сантиметр
Салмагы – 75 килограмм
Билими – Орусиялык Бажы академиясынын юридикалык факультетин бүтүргөн, учурда Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын эстрада-вокал бөлүмүнүн 5-курсунун
студенти
Чыгармачылыгы – «Бейиш 604» («Рай 604»), «Жол» («Путь») тасмаларына, Абир Касеновдун “Вера в любовь” аттуу клибине тартылган
Учурда – Актёр, ырчы, телеалпаруучу

«Бейиш 604» тасмасында сүйүктүүсүнүн артынан Индиянын Гоа штатына чейин барган жигиттин образын жараткан Руслан бойдок мырзалардын сап башында турат. Узун бойлуу, сымбаттуу бул жигитке ашыгып, жүрөгүнө жол таппай жүрсөңүз, угуп туруңуз. Руслан билимдүү кыздарды жактырат. «Каякта жүрөсүң, качан келесиң?» деп мээсине чай кайнаткан кызганчаак кыздар убара болбой эле койгула. Анан кабагы ачылбай депрессияда жүргөн, кайдигер кыздар бул жигиттин табитинде эмес. Үй жумуштарына тың, ар тараптан колдогон, алдыга умтулган бийкечтерден болсоңуз сылык-сыпайы, интеллигент жигитти колдон чыгарбаңыз. «Көз – жан дүйнөнүн күзгүсү» дегендей, кыздар менен таанышканда биринчи көзүнө маани берем. Албетте, сырткы келбети, сүйлөгөнү, өзүн алып жүрүшү, кийингени да маанилүү»,- дейт. «Эң башкысы, сүйүктүүм экөөбүз жарашыктуу түгөйлөрдөй болуп көрүнүп турушубуз керек»,- деген жигиттин жубайы болууну каалаган бийкеч бешбармак, казы-карта, чучук өңдүү деликатестерди жасаганды билиши зарыл. Эгер сиз бул мырзаныкы болуп калсаңыз, сизди жомоктогудай жерлерге алып барып, белек-бечкектен кем кылбайт.


"Жол" тасмасы Русландын карьерасындагы экинчи тасма.

Нурсултан Курсанали уулу: «МУРУТУ ЖОК КЫЗДАР ЖАГАТ»

Туулган жылы, күнү – 1993-жыл, 29-май
Туулган жери – Бишкек шаары
Бою – 176 сантиметр
Салмагы – 88 килограмм
Билими – КМТУнун алдындагы Кыргыз-Герман техникалык институтунун бүтүргөн, учурда Москвадагы Улуттук техникалык изилдөө институтунда магистратурада окуйт.
Чыгармачылыгы – «Жарайт сити» долбоорунда, «ДвижЭние кылыш керек» тасмасында тартылган
Учурда – Актёр, сценарист, алпаруучу


«Жарайт сити» долбоорунда, «ДвижЭние кылыш керек» тасмасында мурутчан агайдын ролун жаратып жылдызы жанган Нурсултан Курсанали уулунун да жүрөгү бош. «Эркекти жакшы кылган да, жаман кылган да аял» деген Нурсултан сүйүүгө туруктуу мырзалардан. Акыркы кезде мындай сапатка ээ жигиттердин катары суюлуп баратканын көрүп эле жүрөсүз да, ошондуктан аны орус кыздарына тарттырып жибергиңиз келбесе, окуусунан каникулга келгенде колдон учурбай имерип алыңыз.
Нурсултанга кыздын келбети, кийингени, сүйлөгөнү, өзүн татыктуу алып жүрүшү маанилүү. «Мага акылдуу, түшүнүктүү, активдүү, сулуу, тарбиялуу, муруту жок кыздар жагат»,- деген тамашакөй бул жигит өзүн романтикмин дейт. «Романтика деген акчада, 101 розада, чатырдын үстүндө уюштурулган кечки тамакта эмес, көңүлдө. Менин оюмча, кыз тепкичтен түшүп келе жатканда колуңду сунуп жардам берүү эле бул романтика. Мен кыздарга дайыма кол сунам, ошондуктан өзүмдү укмуштуудай романтикмин деп эсептейм». Нурсултан «качан үйлөнөсүң?» деген тажатма суроолорго «бейшемби күнү, саат 12де» деп жооп бере баштаптыр. «Пенденин оозунда болсо, Кудайдын кулагында» дегендей, бейшемби күнү Нурсултан үйлөнчү бийкеч сиз болгуңуз келсе, жогоруда айтылган талаптарды эске алып, «движение» кылып баштаңыз.

"ДвижЭние кылыш керек" тасмасында "Жарайт сити" долбоорунан жаралган агайдын ролун ойногон.


Адилет Азимов: «ЖООШ КЫЗДАРДАН БАТ ТАЖАЙМ»
Туулган жылы, күнү – 1992-жыл, 15-декабрь
Туулган жери – Бишкек шаары
Бою – 177 сантиметр
Салмагы – 81 килограмм
Билими – Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын эстрада-вокал бөлүмүнүн 4-курсунун студенти
Чыгармачылыгы – «Сендей мага», «Болсочу», «Роза гүлү» жана башка ырлардын аткаруучусу
Учурда – Ырчы

Чет өлкөлүк сынактарда байгелүү орундарды камсыздап келген ырчы Адилет Азимов да бопбойдок. Ага өзүнө окшогон кара каш, кара көз, ак жуумал кыздар жагат. Өзбек ырчысы Шахзодага окшош болсоңуз Адилеттин жүрөгүн түбөлүк ээлеген болосуз. Түнкү клубга барбаган, үйдөн чыкпаган кыздарды баалаган ырчыга жасалма кыздар жага бербейт. «Обу жоктонуп жасалма сүйлөп , «мага айфон жагат» деп чоёктогон кыздардан качам. Жалжактап каткырып, ашыкча сүйлөгөн кыздар да менин табитимде эмес. Бирок койдон жоош, сүйлөбөй отура берген кыздардан да бат эле тажап кетем. Мага орду менен сүйлөгөн, кызыктуу, тартиптүү кыздар жагат. Өзүмдөн 5-6 жаш улуу кызды сүйүп калсам, үйлөнүүгө даярмын»,- дейт. Үй-бүлөнүн жалгыз эркек уулу болгон Адилет учурда 2 кабаттуу үй салып жаткан кези. «Катын алсаң отун ал» дегендей, салынып жаткан үйүмдү бүтүрүп, болочоктогу жубайыма бардык шарттарды түзүп алып, буюрса, 3 жылдан кийин үйлөнөм»,- деген үй-бүлөгө карамдуу бул жигитти азыртадан эле менчиктештирүүгө өтүңүз.

Динара Абдыкадырова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Чыгармачыл бойдок жигиттерге кандай кыздар жагат?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (30)
Kanzada97
2016-05-09 18:43:26
Супер инфо нурмат садыровду жазгылачы
0
admin_superstan
2016-05-10 18:17:36
Kanzada97, саламатсызбы? Бул жерден окусаңыз болот: http://www.super.kg/article/show/34747
0
mahabat08.07
2016-05-09 18:52:45
TEMANYN JOBUNA.....Kudaiym saktasyn
+2
karona
2016-05-11 17:37:05
mahabat08.07, ха-ха-хаа
0
tim11ai
2016-05-09 19:23:19
Жакшы жаңылыка окшош экен
-1
KYRGYZJERI
2016-05-09 21:21:25
озулорун Бред Питт сезип алышканбы
Азыр карасан окуусун буткон,
иштеген иши бар кыздарды кынк дебей алышат.
анткени аял иштеп эркек уйдо олтуруп калбадыбы.
Талаптарын кара тим эле.
+16
nazira1989
2016-05-09 21:23:01
Бешенеге жазылганын коробуз,чон суйлогон бир кайнимдин аялы "кобра" болуп чыкты го.Бизге сынтакчу жене мындайсынар,андайсынар деп.Бешенеге жазылгандан оозун мн кача албайсын...
+9
Jaka1978
2016-05-09 23:24:27
Тигил экоону жакшы билбейт экенин.Адилет Азимов Соонун ырчы,унута да эн мыкты,ырчы катары баалайм жаш болсо да
+2
janna95
2016-05-10 00:48:23
Ырчы же актер эмес патриот жигит болсо жетимиш онору бар болсо ыймандуу чечкиндуу. Патриот десе жанагы кыздарды тепкилеген биро туш келип калбасын.
-1
Matilda
2016-05-10 02:10:34
Былжырактар булар кимдер?Кыздарды талап коюп тим эле.Шанс жок,шанс бар деп.
+2
admin_superstan
2016-05-10 18:05:28
Jadyrashka, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. 3 күнгө БАН!
0
dinajanka
2016-05-10 18:22:48
Кыргызстандын акыркы экземплярлары болсо дагы башка кеп эле! "Тимеле - тимеле" боп кетишиптирго...
+1
altynbek_canto
2016-05-10 19:45:40
Админ, жогоруда Адилет мн Русландын окуган жерин оздору айтыштыбы же силер туура эмес жаздыныздарбы? К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваторияда билим алышат булар.
0
admin_superstan
2016-05-11 11:18:08
altynbek_canto, саламатсызбы? Маалымат өздөрүнөн такталган.
0
Aselina_kg
2016-05-11 00:43:20
Жоок,жылдызга түгөй болгум келбей эле.Рахмат сунушуңарга
Девелееееее))))))))
Өз теңдерин таап бактылуу болушсун!
+2
Senuchunzhashaim
2016-05-12 16:36:19
Олбодубу бул жагы))) Руслан жагып жаткан ))) ой туулган кунубуз бир кундо экен деп эми эле окуп келатсам вкусу начар экен ))) Менин деле боюм узун эй ))) деп келатсам эле койгон талаптары желаниени качырып ийдиго минге салдырып ))) Иши кылса бактылуу болгула)))
+1
boke88
2016-05-22 19:15:18
Ото жалжактабай,ото унчукпай дейби?!деги буларга ким жагат,идеалдуусун издешетго,оздору идеалдуу болгонсуп,(тоже мне идеальные ...)
0
asel123
2017-07-20 13:54:46
Дорогие детки, вы что девочки чтоли чтобы их ждать когда они придут к вам))Ну и парни пошли сейчас безинициативные))Руслашка,тебе кажется нужно поторопится,пока все волосы не выпали на голове)
0
№ 705, 6-май-12-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан