«Мен сүйгөн менен пайда жок» ыры менен калыӊ элге таанылган Нурмат Садыров учурда «Торгоюм» аттуу ремейк ыры менен элди бийлетип жаткан кези. Бойдокчулуктун доорун сүрүп жаткан ырчы чыгармачылык, табитиндеги кыздар, үй-бүлөсүнө байланыштуу жагымдуу жаӊылыгы тууралуу маек курду.
– Нурмат, кандайсыӊ? Учурда «Торгоюм» аттуу ырыӊ хит болуп жатат. Бул ырды кимдин сунушу менен ырдап чыктыӊ?
– Саламатсыздарбы? Ырды жаӊылап аткаруу өзүмдүн идеям. «Торгоюм» репертуарымдагы алгачкы эски ыр болду. Чыгарма ыраматылык Гүлзат Батырканованын аткаруусунда аябай жакчу. Ошто шайлоо учурунда жүргөндө бир кафеден «Торгоюм» ырын угуп калдым. Ким ырдап жатканын деле билбейм. Ал музыкасын башкача шаӊдуу жаздыртыптыр, мага жакты. Келип Ильяз Абдыразаковго сунуштасам, ал ошол күнү ырдын аранжировкасын жасап, үнүн жаздырдык. Эл буга чейинки «Айылым», «Алтыным» деген ырларымды жакшы кабыл алган эмес. Бул ырым «Мен сүйгөн менен пайда жок» чыгармамдай элге жугумдуу болду.
– Мындан кийин элге кандай ырлар жагарын түшүндүӊ?
– Ырчы элге жакын болушу керек экен. Чачыӊды гелдеп, костюм-шым кийип «красавчик» болуп кычырап кооз клип тартканда эмес, жакшы обон созсоӊ, ошондо күйөрмандар кабыл аларын билдим. Көп эмгек кылып, жетиштүү каражат жумшап сапаттуу ыр жаздырыш керектигин түшүндүм. Эл ошондо ырыӊды барктап сүйөт тура. Мурда чыгармаларым жалаӊ жаштарга ылайыктуу болсо, эми репертуарым орто муунга жаккан чыгармалар менен толуктала баштады.
– «Мен сүйгөн менен пайда жок» чыгармаӊдан кийин хит ырларды жарата албай келдиӊ. Дагы ошондой эмгек жаралбай калабы деген ойлор
болдубу?
– 2013-жылы «Жылдын супер ыры» наамын албай калганда чындыгында шагым сынган. Анткени мен алам деген ишеним бар болчу. Анын үстүнө бардыгы «сен аласыӊ» деп айтып жатышкан. Бирок ошону менен токтоп калбай, жакшы иштейинчи дедим. Ырым наам албай калды деп сынбай, талыкпай эмгектене бериш керек экен. Көбү «ошол ырыӊ хит болуп турганда концерт берип алсаӊ болмок» дешкен. Убагында администраторлор да «ырыӊ хит болуп жатат, концерт берели» деп сунушташкан. Мен болсо акча табууну эмес, ыр куржунумду кеӊейтип алууну каалагам. Ошондо Кудай жакшы учур бергенде кармап калган жокмун деп өкүнгөм. Канчалык жанталашып аракет кылба, буюрган убакта гана ийгилик кушу жылмаярына ынандым.
– Материалдык байлык топтоого жетиштиӊби?
– Жерим бар, үйдүн пайдубалын куюп койгом. Аны карап сыймыктанып, ичимден кудуӊдап алам. Бирок үй тургузууга чамам жете элек. Шайлоодо үгүт иштеринде тапкан каражатымды чыгармачылыкка жумшадым. Москвага барып «Арзуу» деген ырыма клип тарттырып келдим. Жакында күйөрмандарым ага күбө болушат.
– Айрым кесиптештериӊ сүйлөшкөн кыздарын жокко чыгарып коюшат. Сен буга кандай дейсиӊ?
– Учурда жүрөгүм 200 пайызга бош. Менин кемчилигим – кызды жакшы көрүп сүйлөшсөм ага жолугуп, киного алып барып убакытты өткөрүп жүрө бербейм. Үйлөнөйүн деп бир кызды жактырып сүйлөшүп көрдүм. Бирок ал «жумушуӊуз башкы орунда окшойт, мага көӊүл бөлбөй койдуӊуз. Көп кыздар менен сүйлөшүп, мени да катардагы кыздардай эле көрөт окшойсуз» деп өзүнөн-өзү алыстап кетти. «Сүйүү келгенде жумушуӊду унутуп, башыӊ айланып калат» дешет. Бирок мен башымды жоготуп сүйө элекмин. Анткени сезимимди акыл менен башкарганга кудуретим жетет.
– Табитиӊе кандай кыздар туура келет?
– Чыгармачылыгымды түшүнгөн, өзүмө жаккан кызды издеп жүрөм. Келбети да маанилүү, себеби ажарын жактырып анан таанышасыӊ. Сулуулук өмүр бою кармалбайт. Ошондуктан жароокер, жан дүйнөсү да сулуу болушу керек. Өзүм деле «красавчик» эмесмин, андыктан модель кызды элестетпейм. Өзүн тыкан алып жүргөн, таза, сүйлөгөн сөзү ордунда, алдына максат коюп аракет кылган кыз болсо... Бактылуу болуш үчүн сөзсүз түрдө аял алып, балалуу болуш керек эмес. Ар бир аткан таӊды аман-эсен тосуп алганым мен үчүн бакыт.
– Кыздардын кайсы мүнөздөрү жакпайт?
– Бир айтканды укпаган, кеп-сөзгө келбеген кыздар ачуумду келтирет. Чалганда «азыр бошобой жаттым эле» десеӊ да болбой, кайра-кайра чалып тажатканда каным кайнайт. Сөгүнгөн, үнүн бийик чыгарып сүйлөгөн эркек мүнөз кыздарга көӊүлүм чаппайт.
– Эми үй-бүлө темасында сүйлөшөлү. Аял-күйөөсү бири-бирин жакшы көрбөсө да, балдар үчүн үй-бүлөнү сактап келишет. Убакытты кетирип ал адам менен жашай берген оӊбу же өз бактысын башкадан издөө керекпи?
– Айрымдар болбогон нерселердин айынан чатакташып, ажырашканга чейин барышат. Андай учурда эркек аялды жакшы сөз менен алдап эркелетиши керек. Кандай гана түшүнбөстүктөр болбосун эки тарап теӊ эмоцияга алдырбай, үй-бүлөнү сактап калууга аракет кылуусу зарыл. Жакпай калды деп басып кеткен туура эмес. Анткени алардын айынан бала-чакасы жапа чегип калат.
– Сенин бул көз карашыӊ атаӊдын башка үй-бүлөнү тандап кеткени менен байланыштуу эмеспи?
– Ооба, атам убагында башка үй-бүлөнү тандап кеткен. Жылдар өтүп балдары эрезеге жеткенде ал биздин үй-бүлөгө кайтып келди. Апамдан, бизден «жаӊылдым, кечирип койгула» деп кечирим сурады. Апам кечирип, атамды кабыл алды. Анткени апам азыр жакшы жашоодо жашап жатат. Апамдын үмүтүн актап өз күчүбүз менен бутубузга турдук, жашоодон өз ордубузду таптык. Неберелерин жыттап бактылуу өмүр сүрүүдө. Атаны эч качан жамандабаш керек. Биз атабыздын туяктарыбыз, ал киши болбогондо биз кайдан жаралмак элек? Атамдын берген акыл-насааты менен чоӊойгом. Ар бир адам жаӊылат. Келип кечирим сурап, туура эмес кылганын моюнуна алып жатса эмнеге кечирүүгө болбосун?
– Ошондо атаӊ силер менен жашап жаткан экен да?
– Берки үй-бүлөсү менен да катышып турат, андан бир баласы бар. Наристе үчүн кыянаттык кылып катыштырбай коюу туура эмес. Атамдын ал үй-бүлөсү мени кызыктырбайт. Анткени апамды аябай жакшы көрөм. «Атаӊды жакшы көрөсүӊбү же апаӊдыбы?» десе, кээ бирөөлөр кимисин айтышты билбей туруп калышат го. Мен ойлонбой туруп апамды жакшы көрөм деп айта алам. Анткени апама жакынмын. Ал бизге мээримин төгүп бакты. Атам «сен ырдап чыкканда элдер Садырдын баласы дегенде абдан сүйүнгөм. Өзгөчө фамилияӊды Садыров деп чыкканыӊ мен үчүн сыймык болгон» дейт. Себеби атам башка үй-бүлөнү тандап кеткен кезде паспорттогу фамилиям Садыров эмес, чоӊ чоӊ атамдын ысымынан Абыканов болчу. Ажырашып кетишкенде апамды Бишкекке алып кеткем. Музыкалык окуу жайга тапшырып, 1-курста окуп жүргөндө атама бир чети ачуум келип ызалансам, бир чети катуу сагынып куса болуп фамилиямды Садыров кылып өзгөрткөм. Ошондуктан ата-энелер ажырашуу балага ушундай оор сокку болорун эске алып, тереӊ ойлонуп чечим чыгарышса дейт элем.
– Маегиӊе рахмат!
Динара Абдыкадырова
Адилет Бектуров
star@super.kg