ТУМАН (Ала качуу, зордуктоо, сойкулукка кабылган кыргыз кызынын оор тагдыры тууралуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

ххх

"Ха-ха-ха…" Жабылуу турган эшиктин ары жагынан бир убакта Шайырдын шаңкылдаган үнү угулду. Мына сага, Калипа таң калып туруп калды. Сойкулукка биринчи кадам таштаган кыз ыйлап, өзүн-өзү ичинен жеп кыйналат деп ойлогон. Жо-ок, маанайы сонун! Каткырат тим эле… Калипа эң алгач күйөөсүнөн башка эркектин кучагында калганда шолоктоп эле ыйлай берген. Чын эле бул Шайыр дегендин ичинде сезим деген нерсенин баары сынып калган окшобойбу.

Аз өтпөй чоң сүлгүнү оронуп, Шайыр чыга келди. Ашканада отурган Калипа менен Светаны күлүп карап койду.

– Жакшы элесиңби?- Света кандайдыр бир кубаныч менен сурады.

– Ооба,- кыз да кубана жооп кайтарды.

ххх

Шайыр сойкулукка баш ургандан тарта Калипанын жашоосу кыйындады. Келген кардардын баары эле жаш, сулуу кызды тандашат. Ашканада тамеки түтөтүп эле отурчу болду. Аны тандаган эч ким жок. Акчасы азайып, маанайы чөктү.

– Эй, Света! Мен иштеймби?

– Иште. Сени бирөө кармап жатабы?

– Эй, могунуңдан кардар ашпайт го, айланайын. 15 киши келсе, 15инин баары ушуну тандайт. Мунуң да токтоп калайын дебейт экен…

– Хе, атаандаштыкка туруштук бере албай калдыңбы?

– Бул жаш да, Света. Мага да кардар ашыргыла… Ачкадан өлөмбү мен?

– Күлкүм келет, эй. "Мага кошулуп иште" десем, "мындай жумушту жасаганга абийирим жол бербейт" деп ыйыктандың эле, ээ? Эми болсо кардар талашып, атаандашып отурасың.

– Ушундай күнгө жеткирген сенсиң, курбум. Эми артка жол жок экенин көрүп мени шылдыңдап турганыңа жол болсун!

– Калипа, казаныңа аш салып бербейм. Өзүң аракет кыл! Шайырдан арткан кардарды ал.

Калипа ызаланып чыкты. Булардан эбак бөлүнүп кетсе болмок экен. Акчасы да калбай калбадыбы. Эми кантет?

ххх

– Алло, милициябы? Биздин райондогу 5-үйдүн 12-батирин сойкулар ээлеп алгандай. Күнү-түнү эркек тынбайт. Чара көрүп коёсуздарбы?- азыр эле өзү айткан 12-батирдин дааратканасына кирип алып Калипа милицияга чалды. Шайырды жазалагысы келгендегиси эле. Кийин милициядан канааттангыдай жооп уккан соң күзгүгө бир каранды да, чачы-башын оңдоп үйдөн чыгып кетти.

Анын да маңдайына жазылган бактысы бардыр. Акыркы акчасын жыйнап бир батирге чыгат да, өз алдынча иштейт.

ххх

Ошол түнү Света менен Шайыр жашаган 12-батирге милиция бастырып кирди. Үйдө 3-4 кардары бар болчу булардын. Бул кезде Калипа, албетте, үйдө жок болчу.

– Ок, энеңди… Кийингиле! Участокко барабыз… Бул жерди жайлоо кылып алышкан тура!- кыйкырды толмочунан келген милиционер. Жанындагы жашыраак кызматкер жарым жылаңач кыздарды камерага тарта баштады.

– Эй, эмне тартып жатасың? Биз Асановго «доля» берген кыздарбыз…- Света ордунан тура калды.

– Бүгүн кечке телефон тынган жок бизде. "12-батирди карап койгула! Тажатышты" деп жатышат. Асанов өзү жиберди бизди! Баскыла!

Шайырдын көздөрү алайып коркуп чыкты. Мунусу камерасына тартып алды, тигиниси сөгүнөт. Мунун баарын ата-энеси билип калса эмне болот? Кудай сакта!

ххх

Түн бир оокумга чейин милициянын имаратында отурушту. Кызматкерлер сойку дегенди дегеле киши катарында көрүшпөйт экен. Шайырдын айласы кете түштү. Кирген-чыкканы улам келип денесин кармалап чыгып кетишет, сөгүшөт, тим эле айбанча да көрүшпөйт.

Бир убакта Асанов дегени булардын үстүнө кирди.

– Байке, кандайсыз? Бизди кармап алышты го… Айтсам болушпайт!

– Эмне деп айттың?

– Асановдун кыздары болобуз. Баарын берип жүрөбүз дедим.

– Энеңдурайын! Эмне берип койдуң эле? Оозуңа карасаң, эй! Тынч иштей албасаңар ушундай болот… Азыр могунуңду калтыр да, сен бара бер!

– Байке, бул жаш кыз!

– Жаш кыз экенин көрүп жатам. Ошон үчүн калсын деп жатам да. Ха-ха… Косякты жуусун мунуң!

Светанын айласы кете түштү. Бул кишиге жок дей албайт. Жок десе анда эзели иштетпейт. Сазайын колуна берет. Тынч жашатпайт.

– Шаку!- Шайырды жалооруй тиктеди Света.

– Ии…

– Бүгүн экөөбүз калышыбыз керек окшойт. Эми кээде биздин жумушта ушинтип бекер иштегенге да туура келип калат,- акырын алдап баштады.

– Эмне дейсиз?

– Тигил байке биздин “крыша” да. Азыр айтканын аткарбасак, бизди иштетпей коёт. Бүгүнчө айтканын аткарып койбойлубу?

– Таптакыр акчасын беришпейби, ээ?

Кыздын бул суроосуна Света таң калып калды. Дароо сүйүнүп кетти.

– Мен сага өзүм 5 миң сом берем.

– Мейли анда!

Светанын таптакыр эле оозу ачылып калды. Чыр чыгарып ыйлайт го деп ойлогон. Тим эле сойку болуш үчүн жаралган кишидей тагдырына моюн сунуп, калууга макул болду. Ал түнү таң атканча Шайыр бир нече эркектин эрмегине айланды. Алардын ичинде тээ жана камерага тартып жүргөн кызматкер да бар болчу. Ал эмнегедир эле Шайырды улам тигиле карап жатты. Экөө жалгыз кала түшкөндө.

– Жакшынакай кыз экенсиң! Башка эле жумуш таппайсыңбы?- деди кызганган түр менен.

– А мага ушул жумуш жагат!- кыз ажыкыстанды.

– Менин атым Кумар!

– Атыңды сураган жокмун! Чечинесиңби?

– Супсулуу кыз экенсиң. Көчөдөн бирөө көрүп калып байкабай аял кылып алчудай экен.

– А мен эч кимге тийбейм.

– Мага дагыбы?

– А сен кимсиң?

Үндөбөй койду жигит. Бир нерсеге ачуусу келгени гана байкалды.

ххх

Таң эрте Света чарчап-чаалыккан Шайырды бир башкача кубануу менен тосуп алды. Ананчы, бул кыз бүгүн эң сонун керекке жарап бербедиби.

– Кеттик, мен такси чакыртып койдум!- деди ал кошоматтана.

– Эй,- артын караган Шайыр жанагы Кумар дегенди көрдү.

– Эмне?

– Мындан кийин маселе болсо мага чалып тургула, макулбу? Жазып ал телефонду…

Кыздар аны суроолуу тиктеп калышты. Асановдун алдында иштеген жигит да бул. Кантип ушул маселени чече алмак эле?!

ххх

Ошол күндүн эртеси эле Кумар Шайыр менен Света байырлаган үйгө кирип барды. Жөн гана отуруп туруу үчүн келиптир. Шайырга ар кайсыны сүйлөйт. Улам келген кардарлар милициянын формасынан чочуп качып жатышты.

Кийинчерээк ал жигит күн сайын келчү болду. Шайыр аны көргөндө кулагынан буу чыкчудай жинденет. А бирок жигит бир башкача жылуулук менен тиктей берет. Ошондой түшүнүксүз күндөрдүн биринде Кумар Шайыр менен жалгыз кала түшкөндө оор үшкүрүп алып сөз баштады.

– Шаку, ушул ишти жөн эле койбойсуңбу?

– Эмне?

– Сен сойкулугуңду токтотсоң, өткөндү унутуп эле…

– Эмне дейсиң?- кыз итиркейи келген кишидей сурады.

– Үйлөнүп деле алмакпыз. Мен баарына көз жумуп коймокмун. Болгону сен туура жолго түшсөң...

– Ээ, барчы ары!

Кыз кагып жиберет деп ойлогон эмес. Сүйүнүп эле макул болот деген… Кумардын жини келип кетти. Буга жакшылык кылайын десе кайра текеберленет. Мээси жок кыз! Мен сага тозокту көрсөтпөсөмбү деп ойлонду.

Ушул ага капыстан жолугуп, заматта ашык болуп, баарына көз жуммакчы болгон жигит Шайырды Түркияга кетүүгө аргасыз кылган. Ооба, Шайырдын жанагындай текебер жообунан кийин ал кыздын артынан түшүп, эч бир кардар жолотпой, себепсиз эле участокко сүйрөп, кагып-силкип, 4-5 сааттап кармап жүдөтүп салды. Эптеп андан кутулуш үчүн Света эжеси “Түркияга кет. Тааныштарым бар. Ал жакта сойкулар акчаны күрөп табат” деп кеңеш берген. Антпесе бул кызга ашык болгон милиционер жумуштун баарын өлтүрмөй болду.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
MEN95
2019-07-15 11:24:00
Мен биринчи
+1
tular
2019-07-15 12:13:15
Мен экинчи
+1
erkinay.s
2019-07-16 11:21:23
Мен 3-экем
0
Nevestkaa
2019-07-16 20:52:15
Урматтуу админ сериал канчанчы санда башталган?Туман сериалын да айтып коюңузчу.Рахмат.
0
Nevestkaa
2019-07-16 20:53:19
Периштенин көз жашы дегеним.
0
admin_portal
2019-07-17 16:29:26
Nevestkaa, саламатсызбы! https://www.super.kg/article/show/48199
0
pero5184
2019-07-21 00:52:23
Кантип эле бул кыз кылган ишин аңдай албасын
0
№ 871, 11-июль - 17-июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан