"Эки баласын өлтүрдү” деп шектелип жаткан аялдын жаман жактары байкалган эмес. Бул тууралуу 16-февралда SUPER.KG порталына Бишкектеги №44-орто мектептин директору Флора Халилова билдирди.
“Ал биздин мектепте англис тилинен сабак берип, 4 айдан бери иштеп келген. Бул убакыт аралыгында анын эч кандай жаман жактары байкалган эмес. Мурда психикалык ооруканада жатып чыкканын деле билбептирбиз. Учурда тергөө иштеринин жыйынтыгын күтүп жатабыз”,- деди Флора Халилова.
Айта кетсек, 15-февраль күнү Арча-Бешик жаңы конушундагы батирлердин биринен 3 жана 4 жаштагы балдардын жансыз денелери табылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары маркум балдардын апасы кармалган.
Ошондой эле кылмышка шектүүнүн Бишкектеги мектептердин биринде мугалим болуп иштеп келгени айтылган эле.