Эки баласын бычактап салган аялдын буга чейин эки жолу психикалык ооруканага жатып чыкканы белгилүү болду. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кылмышка шектүү катары кармалган И.А. 1981-жылы Балыкчы шаарында туулган. Ал 2009-жылы күйөөгө чыгып, 2013-жылга чейин Кантта жашашкан. Кийин Бишкектеги Арча-Бешик жаңы конушуна көчүп келишип, мектептердин биринде 4 ай англис тили боюнча мугалим болуп иштеген. Окуя болгон күнү кызы менен баласына дары бергенде, алардын бири ичпей койгон. Мындан улам тамак жасап жаткан бычагы менен 2011-жылы туулган кызын эки жолу, 2012-жылы туулган баласын алты жолу сайган.
Учурда “адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.