"Эки баласын өлтүрдү” деп шектелип жаткан аялды мектепке жумушка алууда мыйзам бузуулар катталган. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасынан билдиришти.
Мыйзамга ылайык, мурда соттолгон жана медициналык каршы көрсөтмөсү барлар билим берүү тармагында иштей алышпайт. "Эки баласын өлтүрдү” деп шектелип жаткан аялды жумушка алууда жогорудагы нерселер текшерилген эмес. Мындан улам Ленин райондук прокуратурасы Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгына кетирген катасы үчүн эскертүү, ал эми шаар мэрине мыйзамды бузгандарды жазага тартуу боюнча сунуш берилди.
Айта кетсек, 15-февраль күнү Арча-Бешик жаңы конушундагы батирлердин биринен 3 жана 4 жаштагы балдардын жансыз денелери табылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары маркум балдардын апасы кармалган.
Ошондой эле кылмышка шектүүнүн Бишкектеги мектептердин биринде мугалим болуп иштеп келгени белгилүү болгон.