"Дүйнөдө көптөгөн мамлекеттер курал музейлерин ачып, алар тажрыйбасы бар жана жаш мергенчилер арасында чоң популярдуулукка ээ. Кыргыз жеринде болсо мындай музейдин жоктугу кейиштүү". Мындай пикирин бүгүн, 24-февралда Бишкекте курал сатып иштеген Михаил Скарга SUPER.KG порталына билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда уникалдуу, эски куралдардын түрлөрү көп, болгону алар азыр ар кимдин колунда сакталып турат. Көбү атууга жарактуу эмес, бирок тарых үчүн мааниси чоң.
“Эгер өлкөдө куралдардын музейи ачылса, биз өзүбүздүн стендибиздеги болгон экспонаттарды бекер өткөрүп берүүгө даярбыз. Мисалы, бизде 18-кылымга таандык түрктөрдүн эски тапанчасы бар. Ал өзүнүн оригиналдуу жасалгасы менен айырмаланып турат. Башка мылтыктар кара, күрөң түстө болсо, бул апаппак. Ошондой эле атам заманда колдонулган найза, бычак, жаа, кылыч жана башка көптөгөн куралдар бар”,- дейт Михаил Скарга.
Муну менен катар Кыргызстанда учурда тапанча саткан дүкөндөрдүн саны кескин көбөйгөнүн айтат Скарга. Бул суроо-талаптын өскөндүгүнө байланыштуу болушу мүмкүн. Азыркы тапта куралдын бардык түрлөрү жакшы өтүүдө, мергенчиликке десең мергенчиликке, өзү үчүн пайдалана турган куралдар дагы.
“Сайлуу ствол, жылмакай ствол жана травматикалык куралдар - баары тең бирдей жакшы өтүп жатат. Мисалга, бир күндө орто эсеп менен жок дегенге 3-4 тапанча сатабыз. Мергенчиликтин сезонуна жараша кээде андан да көп сатылат. Бул бир гана дүкөндүн мисалында айтылып жатат. А биздики сыяктуу курал сатылуучу жайлар борбордо ондоп саналат.
Биз курал сатууда анын түрүнө жараша Райондук ички иштер башкармалыгынын уруксатын сурайбыз. Ошол эле учурда бизде уруксаты жок деле электрошокер сыяктуу коопсуздук үчүн чыгарылган куралдар сатылат. Аларды 18 жаштан жогорку курактагылар гана ала алышат”,- дейт сатуучу.
Айрым маалыматтарга ылайык, Бишкекте 12 миңдей адам курал көтөрүү укугун алган. Тактап айтканда, алар куралдарга мыйзамдуу түрдө ээлик кылышат. Алардын ар биринде бирден көп атуучу курал болушу мүмкүн. Буга кошумча биздин өлкө боюнча коргоо агенттиктеринин саны жүздөн ашат. Алардын колунда мыйзамдуу түрдө каттоодо миңге жакын курал бар. Буга байланыштуу “Өлкөдө курал көтөрүү замандын зарылчылыгыбы же жөн гана модабы?” деген суроо жаралат.