Ахматбек Келдибековдун иши боюнча 77 депутат суракка алынат, сот 17-мартка жылдырылды

Бүгүн, 13-мартта Биринчи Май райондук соту Ахматбек Келдибековдун ишин кароону улантты. Соттун жүрүшүндө Биринчи Май райондук сотунун судьясы Абдразак Боромбаев соттук териштирүүнү 17-мартка жылдыруу чечимин кабыл алды. 

Андан сырткары коомдук жактоочу Азимбек Бекназаровдун өтүнүчүн канааттандырып, соттук териштирүүдө Жогорку Кеңештин 77 депутатын суракка алууга макулдук берди. Ошондой эле буга чейин айыпталуучунун жактоочусунун бул кылмыш ишинин эскирүү мөөнөтү бүткөндүгүн жана мындан улам козголгон кылмыш ишин токтотуу өтүнүчүн канааттандырган жок. 

Эскерте кетсек, Келдибеков "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталып, 2013-жылдын күз мезгилинде камакка алынган эле. Былтыр август айында ден соолугуна байланыштуу чет өлкөгө дарыланууга кетип, 10-февралда Бишкекке кайтып келген. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aidar.001
2015-03-14 00:12:51
Анда сотту парламентте эле откоргуло да, 120 депутаттын баарын сураганча.
0
kama_future_millioner
2015-03-14 10:09:55
Жылдыра бересиңербии бир жылдан аштыгоо жылдырып журуп
+1
beka1207
2015-03-14 12:59:29
Куноосу болсо далилдеп мойнуна коюп камагыла да нарака,кое албасанар созуп жылдыра бербей ишти жапкыла нары.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан