Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көлгө барганда Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Түп филиалынын жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.
Өкмөттүн маалымат кызматы кечээ, 23-октябрда кабарлагандай, имараттын курулушу былтыр июнь айында башталган. Анда жумушчу кабинеттер, арыздарды кабыл алуу жайы жана күтүү залы каралган. Кызматкерлердин натыйжалуу иштеши жана жарандарды тейлөөнүн сапатын жогорулатуу үчүн зарыл шарттар түзүлгөн.
Андан соң Касымалиев Түп айылындагы "Ак-Кайың" эс алуу паркынын ачылыш аземине катышкан. Объекттин курулушу 2026-жылы аяктаган.