Америкалык футболчу, оюндардын биринде беттеш калысын өлтүргөн Бассель Саад 15 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлады. Маалыматка ылайык, сот отурумунда айыпталуучу маркум болгон 44 жаштагы калыстын жакындарынан кечирим сурады.
Маалыматка ылайык, окуя 2014-жылдын июнь айында катталган. Арыз ээлеринин маалыматы боюнча, калыс футболчуну оюндан четтетүү чечимин кабыл алганда, футболчу буга нааразы болуп сокку узаткан. 2 күндөн кийин калыс ооруканада көз жумган. Ал эми эксперттердин пикиринде, моюн тушка узатылган соккудан улам калыс жыгылганга чейин эле эсин жоготкон.