"Имараттын ичине жарылуучу зат катылган" деген маалымат түшүп, Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда эрежесиз эр уруш боюнча биринчиликтин катышуучулары, чогулган эл, мекеме кызматкерлери сыртка чыгарылууда. Жарылуучу зат тууралуу маалымат бүгүн, 14-мартта Бишкек ШИИББине түшкөн. Шаардык милиция маалыматтын чын же жалганына карабай чара көрүү зарылдыгын маалымдап, имараттын ичиндеги жарандарды сыртка чыгарууга буйрук берди.
Айта кетсек, Спорт Ордосунда эрежесиз эр уруштун “Эр таймаш ММА” версиясы боюнча эл аралык мелдеш өтүп жаткан. Окуя мелдештин катышуучуларын тааныштырып, гимн аткарылгандан кийин катталды. Ортодо спортчуларды 8 бурчтукка чакырып жаткан алып баруучуга келген милиция кызматкери микрофон менен жарылуучу зат бар экенин айтты. Милиция кызматкерлери сыртка чыгарылган эл текшерилгенден кийин кайра залга киргизилерин билдиришти.