Ош шаарында “Нооруз-2015” элдик майрамын өткөрүүгө кызуу даярдыктар көрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Нооруз майрамын уюштуруу үчүн атайы комитет түзүлүп, шаар ичинде өтүүчү иш-чаралар бекитилген. Учурда шаар ичи, майрамдык аянттар, эс алуу жана сейил бактары майрам шаанисинде жасалгаланууда. Ошондой эле кеңештердин төрагаларына, шаардык мекеме-уюмдардын жетекчилерине аз камсыз болгон, турмуш шарты оор, көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн кайрымдуулук акцияларын өткөрүү тапшырылды. Мындан сырткары “Таза короо-жай, таза шаар” акцияларын уюштуруу жагы тиешелүү жетекчилерге милдеттендирилип, шаар ичин жашылдандыруунун, көрктөндүрүүнүн жана санитардык тазалоонун эки айлыгын сапаттуу уюштуруу керектиги эске алынды.
"Нооруз күнү театрлашкан оюн-зоок көрсөтүлүп, эне жөнүндө ырлардын, “Биз таланттарга издөө салабыз”, “Эң мыкты элдик бий жамааты”, “Эң мыкты азем бийи”, “Балдар тарткан эң мыкты сүрөт” сынактары өткөрүлөт. Ошондой эле борбордук аянтта Кадыр түн тосуу каадасын өткөрүү максатында сегиз канат, алты канат боз үйлөр тигилип, улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештер уюштурулат”,- деп айтылат маалыматта.