Бүгүн, 16-мартта Ош шаарында социалдык долбоорлорду жазуу багытында семинар өтүүдө. Шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, семинарга шаардагы 12 аймактык кеңештин, Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жана муниципалдык мекеме-ишканалардын 25 жооптуу кызматкери катышууда.
Маалыматка ылайык, иш-чара мэриянын демилгеси менен GIZ`дин (Германия кызматташтыгы) "Туруктуу экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүү" долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө. Семинардын негизги максаты
ар түрдүү булактардан каражат тартуу боюнча ишмердүүлүктү активдештирүү жана натыйжалуу долбоорлорду жазууну үйрөтүү болуп саналат.