Борбордо өкмөттүн отставкасын талап кылган митинг өттү

Бүгүн, 16-мартта өкмөттүн отставкасын талап кылган активисттер Жогорку Кеңештин алдына митингге чыгышты. Митингге чыккан "Кыргыз эл жаштар кеңеши" коомдук уюмунун өкүлдөрү өкмөттө 20 жылдан бери бир гана саясий элитанын мүчөлөрү иштеп келишкенин жана бул арада өзгөрүү болбой, мамлекет каатчылыкка туш болгонун белгилешүүдө. Жумуш издеп чет жерге кеткен жаштар, кулчулукка туш болгон кыздар жана социалдык оор шарттар адамдык сапаттын жоголушуна түрткү болуп жатканын кошумчалашты. Митингге 10го жакын активист катышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Aidar.001
2015-03-16 15:38:04
Сезону башталдыбы митингтин?
+1
baba.
2015-03-16 15:43:51
Жаз келип кун жылып калды да.Бекерчилер чыга берет.
-1
Beki035
2015-03-16 15:44:32
Жаздын келгенин белгиси
0
zhykyo
2015-03-16 16:03:58
Бат эле активист боло калышат
0
aidartegin
2015-03-16 16:13:27
кыргызстанда жаздын символу , бул митинг!!!
0
edu.kg.
2015-03-16 16:27:52
Жаз келди мына ..митинг башталды. Ак уйдун астына плокаттар илинмей башталат.
0
sarbo
2015-03-16 18:30:36
Бирок чондорубуз деле ошого жараша да. Сактоо мооноту жазга чейин дегендей :)
+1
iaau
2015-03-16 21:15:24
активист болобу башкасы болобу кошулмакмын факт коюп пешенесине кармап берсе да эшек сойгондорду жазалай алышпайт дагы ушул канай окмот. элдик лотереяны бир кун тинтип акчасын алып ошол бойдон жым жырт болуп кутула калышты. эшек сойгондорду да жым-жырт кылып жок болуп кетет.
+3
ALIK-BRO
2015-03-17 00:25:56
Иттер акчалулар кайда фас десе шо жакта. Бакиевке окшогон бро болгондо атып комуп устун аэфальтап салыш керек еле.
0
talant.5
2015-03-17 04:19:03
Iaau.мен да сага кошулам ошол активисттер чыныгы патриот экен элин ойлогон кийин дагы болсо мени да чакыргыла кошулам ошол активисттерге.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан