Жалал-Абад шаарында коомдук тамактануучу жайлар текшерилди

Бүгүн, 16-мартта Жалал-Абад шаарында жайгашкан тамактануучу жайлардын жана соода-сатык менен алектенген имараттардын санитардык абалын текшерүү максатында рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

"Текшерүү учурунда көпчүлүк тамактануучу жайлардын санитардык абалы начар, баарында антисанитария, эч кандай талаптарга жооп бербеген өтө жаман көрүнүштөргө күбө болдук”,- деди Шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы Муратбек Исмаилов.   

“Бүгүнкү күндө көп коомдук тамактануучу жайлар талапка жооп бербегенине байланыштуу мыйзам чегинде административдик жоопко тартылышат”,- дейт социалдык маселелер боюнча вице-мэр Турдалы Темирбаев.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан