Апрель революциясынан бери беш жыл өтсө да, өлкөдө бир катар маселелер чечилбей калды. Бул тууралуу бүгүн, 17-март күнү 2010-жылдын апрелинде орун алган окуяны эскерүү курултайынын жүрүшүндө "Айкөл Ала-Тоо" бирикмесинин жетекчисинин биринчи орун басары
Максатбек Баткулов билдирди.
Анын айтымында, азыр парламент элдин көйгөйүн чечпей, өздөрүнүн кызыкчылыктары үчүн иштөөдө.
"Депутаттар топтошуп алып келерки шайлоо астында өздөрүн пиар кылуу менен алек. Бийлик бизге көңүл бурсун деп бүгүнкү иш-чараны өткөрүп жатабыз. Өкмөткө биздин 7 талап бар. Алардын бири Бакиевдин үй-бүлөсүн экстрадиция кылып, жазасын берүү. Экинчиден, мамлекетти коррупционерлерден жана криминалдан тазалоого жол ачкан Апрель элдик революциясынын жетишкендиктерин бекемдөөнү талап кылабыз. Ошондой эле калк үчүн электр энергиясына социалдык тарифти киргизүү тууралуу сунуш ишке киргизилсин. Талаптарыбыз резолюцияга киргизилип, өкмөткө жөнөтүлөт",- дейт Баткулов.