Бүгүн, 17-мартта Бишкекте “Ала-Тоо” аянтында Укук коргоо борборунун жетекчиси Игорь Трофимов 2 адамдын коштоосунда тынч митингге чыкты. Алар президент Алмазбек Атамбаевден кылмыштуу чөйрөнүн өкүлү Алманбет Анапияевдин өлтүрүлгөнүнө байланыштуу Беларусь бийлигин айыптаганы үчүн кечирим суроону талап кылып жатышкан. “Президент иликтөө иштеринин жыйынтыгы чыга электе башка мамлекеттин бийлигин сынга алган. Мындан улам эки мамлекеттин ортосундагы мамиле бузулду”,- деди И.Трофимов.
Бирок митингчилердин колундагы кагаздары милиция тарабынан тартылып алынып, үзгүлтүккө учурады. Милиция кызматкерлери митингчилерди таратканынын себебин “Аксы окуясынын 13 жылдыгына карата иш-чарага жолтоо болбоосу керек” деп түшүндүрүштү.