Бүгүн, 17-марттагы маалымат жыйынында жабырлануучу
Мирлан Жолдошов "Канжар Кадыралиев коркутуу жолу менен кафемди тартып алып, үйүмдөн кууп чыкты" деп билдирди.
Анын айтымында, 2013-жылы
Канжар Кадыралиев бир жылга кафени ижарага алып, алдын ала ага 4,5 миң доллар берген. Бирок көп өтпөй кафенин ээсине 6 миң долларлык унаасын берген. Кийин үй салуу максатында жер тилкесин да бөлүп берген.
2013-жылы 7-сентябрь күнү сатып алуу жана сатуу боюнча келишим түзүлүп, курулган үй кафенин ээсинин наамына өткөрүлмөк. Бирок сүйлөшүлгөн күнү кафе ээсин коркутуп, аны баласы жана кош бойлуу аялы менен кошо көчөгө кууп чыккан.
"Алдын ала кафенин ижарасы бир жылга 36 миң доллар деп сүйлөшүлгөн. Бирок К.Кадыралиев берген акчанын суммасы 10 миң долларды түзүп, ал мени үйүмдөн чыгарып, кафемди тартып алды. Эки жылдан бери көчөдө жүрүүгө аргасыз болуп жатам. Ал эми 2015-жылы 23-январда кечки саат 6лар чамасында спорттук дене түзүлүшүндөгү 4 жигит Ош шаарындагы Турбазага алып барып, К.Кадыралиевдин бир тууган агасы Орунбек жана анын атасы "Сен эмне тосмо арыз жазбайсың?!" деп коркутушкан. Алар мени менен бирге кош бойлуу жубайымды да мыйзамсыз түрдө кармап турушкан. Акыры жубайымдын толгоосу башталып, суусу кетип калганда түнкү саат 1:30 чамасында тосмо арыз жазып берүүгө аргасыз болгом. Анын үстүнө менин 8 балам бар болгондуктан, алардын коопсуздугун да ойлодум",- деди Жолдошов.
Маалымат жыйынына кирип келген ЖКнын депутаты Ыргал Кадыралиева жабырлануучу жазып берген тосмо арызды анын жактоочусуна берди. Эл өкүлүнүн айтымында, анын агасы Канжар Кадыралиев тууралуу айтылып жаткан дооматтар далилсиз.