2017-жылдан тарта “Кыргыз тесттен” өткөн мамлекеттик кызматкерлер гана ишке алынат

Бүгүн, 17-мартта Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде 2014-2020-жылдары Мамлекеттик тилди өркүндөтүүнүн улуттук программасын ишке ашырууда биргелешип иштөө үчүн иш-мерчемдерди тактоо максатында министрликтин кызматкерлери менен КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматовдун жолугушуусу болду. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалым болгондой, ага КРнын Жазуучулар кошууну, КРнын Сүрөтчүлөр кошуунунун өкүлдөрү катышты. Жолугушууда улуттук программадагы максаттуу индикаторлорго ылайык, маданият чөйрөсүндөгү тил саясатында мамлекеттик тилдеги балдар, өспүрүмдөр адабиятын өнүктүрүү, эстетикалык тарбия берүү чөйрөсүндөгү тил саясатын өркүндөтүү, телекөрсөтүү жана радиодо тил саясатын өркүндөтүү милдеттери коюлуп, бул багытта иш алып баруу боюнча талкуу жүрдү.

Э.Эрматов бекитилген иш-чара негизинен кыргыз тилиндеги китептерди басып чыгарууга багытталганын билдирип, тийиштүү каржы маселеси чечилгенин белгиледи. Төраганын билдирүүсүндө жарыкка чыга турган бардык китептердин электрондук варианты түзүлүп, атайын иштелип чыккан сайтка жайгаштырылат. Мындан тышкары жолугушууда Э.Эрматов мамлекеттик тилге болгон муктаждыкты жаратуунун негизги көрсөткүчтөрүнүн бири – “Кыргыз тестинин” киргизилгендигин кошумчалады. Ага ылайык, 2017-жылдан тарта “Кыргыз тесттен” өткөн мамлекеттик кызматкерлер гана кызматка алынат. Натыйжада КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине КРнын Жазуучулар кошууну, Сүрөтчүлөр кошууну менен биргеликте иш алып баруу тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kubat_1973
2015-03-17 16:59:18
Соз жок не дейсин шылтоо кылып пара алууга дагы бир жыландын ийинин казып даярдап атыпсынар.Бере койгондор кыргызча беш соз билбесе да бешке отот бербегендер кыргызча туш жоруса да эч нерсе жок.
0
iaau
2015-03-17 17:30:48
жакшы идея экен
+1
bom.bon
2015-03-17 17:42:59
Ойчул ойлогунча табекелчи ишин бутот!бирок туура кабыл алынса эне тилди сактайлы!
+1
raku
2015-04-01 16:09:45
ишке ашырылсын эми, кайра эле сөздө кала бербей
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан