Быйыл Нооруз дем алышка туш келсе да, өлкө аймагында 23-март эс алуу күнү эмес, иш күнү болот

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, Нооруз майрамы белгилене турган 21-март иш күнү эмес болуп саналат. 21-Март - Нооруз майрамы ишембиге туш болгондуктан, жумасына беш күндүк жумуш тартиби менен иштеген жумушчулар үчүн эс алуу 23-март, дүйшөмбүгө жылдырылмак. Бирок КРнын өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабрындагы №727 "Эс алуу күндөрүн жылдыруу жөнүндөгү" токтомуна ылайык, 2015-жылдын 6-январы - жумуш күнү 2015-жылдын 23-мартына жылдырылган. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинен билдиришкендей, жогоруда айтылгандай, 23-март жумушчу күн болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан